Бүгүн 200дөн ашык адам Ысык-Көлдүн жээгин тазалайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
Жазылуу
Акция 5-июнь – Айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгына арналат.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бүгүн Ысык-Көл облусунда масштабдуу "Таза Ысык-Көл" экологиялык акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын демилгечиси, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, экоактивисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-коомчулук катышат.
"Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо боюнча иш-чарага 200дөн ашык адам келет", — дешти мекемеден.
Акция 5-июнь – Айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгына арналат.
"Бул жылы Айлана-чөйрөнү коргоо күнү желим таштандыдан арылууга багытталган. Акция президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында жайкы туристтик сезон башталар алдында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эколог Гамал Сооронкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2023
Радио
Россиядан ландшафт дизайнерлеринин тобу келет. Эколог чоо-жайы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0