Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турак жай сактык-кредиттик системасынын укуктук негиздери кеӊейтилет

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык финансы институттары менен кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Аида Кылжиева
Экономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык финансы институттары менен кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Аида Кылжиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2023
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин эл аралык финансы институттары менен кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Аида Кылжиева өлкөдө турак жай сактык-кредиттик компанияларынын ишин өркүндөтүү иштери колго алынганын айтты.
Экономика жана соода министрлиги "Мамлекеттик ипотекалык турак жай кредити жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Ал министрлер кабинети тарабынан бекитилген "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында иштелип чыккан. Бул тууралуу Аида Кылжиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Турак жай сактык-кредиттик системасынын укуктук негиздери кеӊейтилет
Анын айтымында, бул аракеттер турак жай сактык-кредиттик системасынын укуктук негиздерин кеӊейтүү үчүн зарыл.

"Түзөтүүлөр ипотекалык кредит берүү системасын өркүндөтүү жана турак жай сактык кредиттерин ишке ашыруу үчүн негиз түзүү максатында демилгеленди. Бул жеке курулушту каржылоо үчүн аманатчылардын акча каражатын топтоо жана ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин жөнгө салуу, жүргүзүлүп жаткан операцияларга, турак жай сактык-кредиттик компаниялардын депозиттерине, сый акыларды төлөө, милдеттүү камсыздандырууга көзөмөл кылуу үчүн жасалууда. Жарандардын каражатын мобилизациялоо республикалык бюджеттин түйшүгүн азайтат. Мисалы, бүгүнкү күндө сатылып алынган турак жай наркынын 90 пайызы республикалык бюджеттен каржыланса, 10 пайызы — жарандардын алгачкы салымы. Республикалык бюджеттин каражатын натыйжалуу пайдалануу үчүн долбоордо турак жай сатып алууда бюджеттик акчанын үлүшүн 40 пайызга чейин азайтуу сунушталууда. Ага ылайык, 30 пайызы жарандын өздүк салымы, 30 пайызы турак жай сактык-кредиттик компаниясынын каражаттары болот. Турак жай рыногунда акча салууга жана акционер болууну сунуш кылган турак жай-курулуш кооперативдеринин активдүүлүгү байкалууда. Алар өз кызматтарын ипотекалык кредитке альтернатива катары көрсөтүп жатышат. Бирок аларда банктык операцияларды жүргүзүүгө эч кандай уруксат жок. Бул жарандардан аманаттарды кабыл алуу, каржы пирамидасынын белгилеринен кабар берет. Кооперативдердин ишин көзөмөлдөй турган ыйгарым укуктуу орган азырынча аныктала элек. Ошондуктан бул аракеттер турак жай сактык-кредиттик системасынын укуктук негиздерин кеӊейтүү жана толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү үчүн зарыл", — деди Кылжиева.

Ал жеке турак жай кооперативдеринен айырмаланып, турак жай сактык-кредиттик компанияларына мамлекет кепилдик берип, камсыздандырыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0