Семирүүгө алып келген алты адат

© Фото / Pexels/ SHVETS productionКыз таразага туруп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз таразага туруп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Адистер күн бою аз-аздан жана бат-баттан тамактануу керектигин айтты.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ашыкча салмак бат эле кошулуп, дени сак арыктоо узакка созулган процесс болуп саналат. Кээде семирүүгө биз байкабай жасап жүргөн адаттарыбыз да себепкер болорун "Доктор Питер" басылмасы жызды.
Ролл жана суши
Адатта бул азыктарда калория аз өлчөмдө болот. Бирок учурда популярдуу болгон азыкты бат-баттан жана көп өлчөмдө колдонуу адатка айланды. Адистердин айтымында, үйдөн тамак жасоонун ордуна ролл менен суши алуу адатыңыз болсо бат эле ашыкча салмак кошуу коркунучу бар.
Тамакты аябай аз жеген адат
Бул адат — арыктоону самагандардын эң биринчи катасы. Анткени кыска мөөнөт ичинде бат арыктоону каалагандар метаболизм процессин бузуп алышат. Мындан улам организм жетишпеген калориянын ордун толуктоо үчүн аны көп коротпой, тескерисинче, салмак кошуу процесси башталат.
Уйкудан калуу
Аз уктоо ден соолукка көп зыян алып келет. Суткасына 7 сааттан аз уктаган адам орто эсеп менен күнүнө 385 килокалорийге көп тамак жейт. Бул көрүнүш кыска убакытта ашыкча салмак кошууга түрткү болот.
"Пайдалуу" тамактарды ашыкча жеген адат
Семирүү тез татым, чипсы азыктарынан улам келет деп билебиз. Бирок пайдалуу деген азыктарды чегинен ашык жеген учурда салмак кошуу коркунучу бар. Мисалы, ошол эле пайдалуу деген бадыраң, жаңгак же авокадону ченеми менен гана жегенге болот.
Жалаң эле салаттар менен тамактануу
Помидор, бадыраңдан турган салат көпкө ток кармабайт. Курсак ачкан кезде калориялуу тамакка тоюп албоо үчүн жеңил салаттарга белок (жумуртка, балык) кошконду унутпаңыз.
Тамактанбай коюу
Эртең мененки, түшкү же кечки тамактан баш тартуу менен күнүмдүк колдонулган калориянын санын азайтам десеңиз жаңылышкан болосуз. Анткени узак убакыт ачка болгондо тамакты ашыкча жеп алуу мүмүкүн. Мындан улам да салмак кошулат.
Стакандагы суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Сууну аз ичкен адамдын организми кандай өзгөрөт? Урологдун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0