Сууну аз ичкен адамдын организми кандай өзгөрөт? Урологдун түшүндүрмөсү

© Фото / Pixabay / ExplorerBobСтакандагы суу. Архив
Стакандагы суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Жазылуу
Адис суунун жетишсиздигинен биринчи кезекте заара чыгаруу системасы жабыркай турганын айтты.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Сууну нормасынан аз ичүүнүн кесепети кандай болорун Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде уролог Игорь Князев түшүндүрдү.
Адистин айтымында, салмагы 60 килограммга жакын адам күнүнө эки литрдей суу ичиши керек.
"Суунун көлөмү салмактан тышкары жашоо образынан дагы көз каранды. Мисалы, тердебесеңиз, салкын кабинетте отуруп иштесеңиз, бир аз азыраак ичсе болот. Бирок көп кыймылдаган адамдар суунун көлөмүн эки эсеге чейин көбөйткөнү туура", — деди уролог.
Князев суунун жетишсиздигинен биринчи кезекте заара чыгаруу системасы жабыркай турганын айтты.
"Суу ичпеген адам, албетте, дааратканага аз барат. Демек, заара каналдарынан суюктук көп өтпөй, бактериялардын пайда болушун шарттайт", — деди ал.
Ошондой эле суунун аздыгы организмде таштын пайда болуу тобокелдигин жогорулатары айтылды. Буга дагы зааранын аз чыгышы себепкер.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Кант диабети менен ооруган аялдан туулган эркек бала кандай илдетке кабылары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0