Манаска байланган өмүр. Жусуп Мамайдын жашоосунун урунттуу учурлары
Манаска байланган өмүр. Жусуп Мамайдын жашоосунун урунттуу учурлары
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандын (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Меркеч айылындагы Ат-Жайлоо... 30.04.2023, Sputnik Кыргызстан
Жусуп Мамай кичинекейинен зирек, зээндүү өсүп, алты жашында молдодон сабак алып кат таанып, китеп окууга жетишкен. Ал башка манасчылардай аян алып, 1932-жылы биринчи жолу манас айтат. Кийин өзүнүн вариантын кагаз бетине түшүрүп, манасчыга илимий экспедициялар келип турат.1960-жылдары Жусуп Мамай саясий куугунтукка кабылып, чыгармачылыктан оолактап калган учурлары да болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда жалпы 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазып алынып, 1984-жылы "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көргөн. Андан сырткары, "Эр Төштүк", "Курманбек", "Толтой", "Көбөк", "Мамаке-Шопок", "Жаңыл Мырза", "Тутан" сыяктуу кенже эпосторду да жакшы билген.Кыргыз Республикасынын Баатыры 2014-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусуна караштуу Ак-Чий кыштагындагы ооруканада кайтыш болуп, 2014-жылы 2-июнда жерге берилген.Тема боюнча:
Белгилүү манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандын (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Меркеч айылындагы Ат-Жайлоо конушунда жарык дүйнөгө келген.
Жусуп Мамай кичинекейинен зирек, зээндүү өсүп, алты жашында молдодон сабак алып кат таанып, китеп окууга жетишкен. Ал башка манасчылардай аян алып, 1932-жылы биринчи жолу манас айтат. Кийин өзүнүн вариантын кагаз бетине түшүрүп, манасчыга илимий экспедициялар келип турат.
1960-жылдары Жусуп Мамай саясий куугунтукка кабылып, чыгармачылыктан оолактап калган учурлары да болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда жалпы 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазып алынып, 1984-жылы "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көргөн. Андан сырткары, "Эр Төштүк", "Курманбек", "Толтой", "Көбөк", "Мамаке-Шопок", "Жаңыл Мырза", "Тутан" сыяктуу кенже эпосторду да жакшы билген.
Кыргыз Республикасынын Баатыры 2014-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусуна караштуу Ак-Чий кыштагындагы ооруканада кайтыш болуп, 2014-жылы 2-июнда жерге берилген.
Улуу манасчы Жусуп Мамай менен режиссер Төлөмүш Океев. 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, манасчы Кыргызстанга сыйлуу конок катары Кытайдан атайын чакыртылган.
Манасчынын өнөрү Кыргызстанда жакшы бааланып, Жусуп Мамай КРдин эл артисти, КРдин Баатыры наамын алып, I даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Жусуп Мамайга берилген Кыргыз Респуликасынын Баатыры жогорку наамын "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен манасчынын балдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырган.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, улуу манасчы Жусуп Мамай, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова жана жазуучу Бексултан Жакиев. Бишкек шаары, 1995-жыл.