Элдин, мамлекеттин кусуру урат. Жапаров тарифти көтөрүү боюнча түшүндүрмө берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Жазылуу
Маекте мамлекет башчы тоолуу райондордо чектөө жоктугун, аз камсыз болгон 112 миң үй-бүлөгө 50 тыйын бойдон калганын айткан.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Башымды оорутуп эмне кылам деп, тарифтерди көтөрбөстөн мурдагыдай иштей берсем деле болот. Бирок анда 10-15 жылдан кийин энергетика системабыз таптакыр өлөт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде айтты.
Журналист андан электр кубатына болгон тариф 1-майдан тарта көтөрүлөрү боюнча сын-пикирлер айтылып жатканына негиз келтирип, комментарий сураган.
"Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бергенге аракет кылайын. Албетте, тарифти көтөрбөстөн, башыбызды оорутпайлы, элге жаман көрүнбөйлү деп мурдатан келе жаткан иштерди уланта берсек деле болмок. Бирок биз мурдатан келе жаткан туура эмес иштерди уланта берсек кыргыз элинин, мамлекетинин кусуру урат. Энергетика системабыз 10-15 жылдан кийин биротоло талкаланып жок болуп кетет", — деген Жапаров.
Маекте ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, тоолуу аймактарга кандай тариф каралганына токтолгон.
"Тарифтерди 23 тыйынга көтөргөнүбүз эле болбосо, баары мурдагыдай калды. Тоолуу райондордо чектөө жок. Аз камсыз болгон 112 миң үй-бүлөгө 50 тыйын бойдон калды. 50 тыйын айырманы өкмөттөн көтөрөбүз", — деген Жапаров.
Жапаров 2020-жылга чейинки энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзгөнүн белгилеген.

"Ооба, мага чейинки президенттер дагы тарифти көтөргөнгө аракет кылышкан. Бирок эл толкуп кетет деп коркушуп, тарифти көтөрбөй, жыл сайын энергетика системасы улам тереңдеп карызга батып олтуруп, 2020-жылга чейинки карыз 137 миллиард сомду түзүптүр", — деген ал.

Президент карыздардын топтолушуна башка себептерди да келтирип, уурулук, коррупцияны да четке каккан эмес.
"Мындан сырткары, кышкы мезгилде 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны кошуна өлкөлөрдөн импорт кылабыз. Өзүбүздөн чыккан электр кубаты кышында өзүбүздүн керектөөбүзгө жетпейт. 2020-жылга чейин 3 миллиард кВт/саат электроэнергияны Казакстан менен Өзбекстандан 5 сомго чейин накталай акчага сатып алып, 0,77 тыйындан элге берип жүргөн экенбиз. Ортодогу айырма энергетиктердин карызынын үстүнө карыз болуп, 137 миллиард сомго чыгышынын бир себеби ушул. Албетте, система түзүп алышып уурулук кылгандан көбөйгөн карыздар да кошул-ташыл болгон", — деген Жапаров.
Ал азыр кандай чаралар көрүлүпп, суу ресурстары боюнча коңшу мамлекеттер менен кандай системада иш жүрүп жатканын түшүндүрүп берди.

"Мен келгенде кандай кылдым? Кошуналардан кыштын күнү накталай акчага электр кубатын сатып алган жокмун. Кышта бизге электр кубатын бересиңер, жайда силерге суу агызганда генератор аркылуу агызам дедим. Ошондон чыккан электр энергиясы менен кайра кайтарам деп, сууну генератор аркылуу агызып, электр энергиясын кайтарып коюудабыз. Бүгүнкү күнү мына ушундай шарт менен иштеп жатабыз. Мурда болсо сууну жөн эле бош агызып берчү экенбиз. Анткени генератор аркылуу агызалы десек, жайдын күнү анча көлөмдөгү электр энергиясы эч кимге керек эмес. Биздин өзүбүзгө да анча көлөмдүн кереги жок", — деген Жапаров.

Квитанция жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Садыр Жапаров май айынан тарта электр энергиясы кымбаттай турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0