Кийинки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеген кыздар. Архивдик сүрөт
Паркта сейилдеген кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 23-апрелде күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
24-25-26 апрель күндөрү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ал эми 26-апрелде күндүз, 29-апрелде түнкүсүн жана 27-28-апрелде жаан-чачын болбойт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 24-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0