Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин өзү Херсон багытында. РФтин атайын аскердик операциясынын жүрүшүнөн

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАртемовск шаарындагы Россиянын аскер кызматкери. Архив
Артемовск шаарындагы Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Жазылуу
РФ президенти Владимир Путиндин Донбасс жана Херсон облусуна барышы, алдыңкы катарда иш алып барышы атайын аскердик операциянын максаттарына жетүүгө Кремлдин эрки бекемдигин айгинелейт.
Тагыраагы, россиялык жаңы аймактар украиналык күчтөрдөн бошотулуп, Украина демилитаризацияланып, денацификацияланарын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Россиялык президент жана Жогорку башкы командачы Владимир Путин кечээ, 17-апрелде, Луганск эл республикасындагы "Восток" Улуттук гвардиясына жана Херсон багытындагы россиялык күчтөрдүн "Днепр" штабына барып, абалдан кабар алды.
Сапар маалында аскер жетекчилери Михаил Теплинский, Олег Макаревич менен Александр Лапиндин докладдарын тыңдап, аймактагы ыкчам кырдаалды изилдеп, Херсон жана Запорожье багытындагы россиялык күчтөрдүн стратегиялык артыкчылыктарын тактады.
Согуштук аракеттер зонасына Владимир Путин биринчи ирет келип жатканы жок. Мурда да Мариуполго барып, калааны калыптандыруу иштеринен кабар алган. Анын Россиянын жаңы аймактарына каттап турушунда өзгөчө маани камтылат. Атайын аскердик операциянын өткөрүлүшүнө байланыштуу Донецк, Луганск эл республикалары, Запорожье жана Херсон облустарында 2022-жылдын октябрынан бери чара көрүүнүн эң жогорку деңгээлдеги режими иштеп турат. Ага ылайык аймактардын бийлиги "Аскердик абал жөнүндөгү" мыйзамга ылайык ыйгарым укуктарга ээ.
Владимир Путиндин атайын аскердик операциянын алдыңкы катарына барып, аскердик аракеттерге катышуусу милдеттүү түрдө эмес, бирок Россиянын өз максаттарына жетүүдөгү мамлекеттик эркин таасын чагылдырып турат.
Атайын аскердик операция зонасындагы ыкчам кырдаал татаал, россиялык аскердик бөлүктөрдүн күч жана каражаттары сан жагынан да, сапаты боюнча кыйла жогору артыкчылыкка ээ. Фронттун айрым тилкелерине Украина Куралдуу күчтөрү контрчабуул кылууга аракет кылышканы менен чоң жоготууларга кабылууда. Авдеевка, Артемовск, Северск, Соледар, Марьинка, Угледар, Сватово-Кременнаяда катуу кагылыштар болууда.
Горизонттогу окуялардын ар жагында, НАТОнун чыгыш флангы – Балтика өлкөлөрү (Литва, Латвия, Эстония), Польша, Словакия, Венгрия, Румыния, Болгарияда Кошмо Штаттар менен алардын союздаштары альянстын логистикасын уюштурууда. Кокус Россия менен түз аскердик жаңжал болуп кетсе деп ушул тараптарга кошумча күчтөрдү топтоп жатышат.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Херсон багытындагы "Днепр" штабында болуп, аскерлер менен сүйлөштү. Видео
The New York Times басылмасы НАТО жогоруда аталган сегиз өлкөнүн ар биринин аймагында 5000 жоокерге чейин камтылган толук кандуу бригадаларды жайгаштырууну пландап жатканын жазды. Сегиз "согуштук топ" ошентип 40 миңге чейин, башкача айтканда төрт эсеге көбөймөк. НАТОнун чыгыш канатынын аймагында аба чабуулдарынын коргонуу тутумун өнүктүрүп, жакшыртуу жаатында альянстын дымагы чоң. Маңызында, Түндүк атлантикалык альянстын стратегдери дүйнө жүзүнө чыгышка кеңейүүнүн ашкере кооптуу экенин далилдеп коюшту. Ошентсе деле коопсуздук туурасында курулай убадалар көп жаңырууда.
Украинанын Днепропетровск, Николаев, Сум, Полтава жана Харьков облустарында 17-апрелден 18ине караган түнү аба тревогасы жарыяланды. РФ Куралдуу күчтөрү Крым көпүрөсүндөгү жардыруудан – 10-октябрдан бери Украинанын ар кай жагындагы энергетика, коргоо өнөр жайы, аскердик башкармалык жана байланыш объектилерине дээрлик күн сайын таамай ракеталык сокку урууда.
Эки күн мурда Түштүк-Донецк жана Запорожье багыттарында ыкчам-тактикалык жана армиялык авиациянын соккулары, артиллерия жана "Солнцепёк", россиялык "Восток" топтору менен Угледар, Новополь жана Полтавка конуштарында украиналык аскердик бөлүктөр жок кылынды. Авдеевкага жакын Украина Куралдуу күчтөрүнүн №25 аба-десанттык жана 110-механизацияланган бригадаларынын башкаруу түйүндөрү жок кылынды. Андан тышкары РФтин касташкан тарабынын эки ок-дары кампасы Гуляйполе менен Червоная Криница аймактарында жарылды.
Россиялык авиация Украина Куралдуу күчтөрүнүн Артемовскинин батышындагы жана шаардын чыга беришиндеги маанилүү объектилерине УПАБ-1500 тескелүүчү бомбалары менен сокку уруп жатат.
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын чабуулчулары Артемовскинин батыш тарабынан күн сайын эки кварталдан бошотууда. Бүгүнкү күндө Украина Куралдуу күчтөрү аталган калаанын территориясынын 10 пайыздан ашпаган бөлүгүн гана көзөмөлдөөдө.
Авдеев жана Марьинск багыттарында россиялык ири калибрдүү артиллерия украиналык күчтөрдүн 59-механизациялаштырылган жана 79-десанттык-чабуулдук бригадаларынын таяныч түйүндөрү жана утурумдук жайгашкан жайларын талкалоодо. Северск районунда РФтин Түштүк аскердик округунун №2 армиялык корпусунун "Ураган" менен "Град" залптык октун реактивдүү тутумдары Украина Куралдуу күчтөрүнүн №54 механизациялаштырылган бригадасынын күчтөрү жана техникасы топтолгон жерге сокку урду.
Киевдик режимдин өкүлдөрү улам Украина Куралдуу күчтөрүнүн ири масштабдуу контрчабуулун жар салат. Бирок аны уюштурууга АКШ менен НАТОнун ресурсу жетишсиз.
Россия менен жамааттык Батыштын украиналык согуштук аракеттер театрындагы кармашы башкача формага өтө элек, бирок эмитен эле El País испан басылмасы өз окурмандарына Россиянын бекем корголгонун үшкүрүнүү менен маалымдоодо. Украина Куралдуу күчтөрүндө авиациялык жана артиллериялык колдоо, контрчабуул үчүн тийиштүү сандагы жоокерлери жок. Бирок аларды Батыш мажбурлап эле дүйнөнүн ири өзөктүк державасы менен акылга сыйбаган согушка түртүүдө.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
АКШдан Украинага жиберилип жаткан аскердик техника. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Киевге көрсөтүүчү аскерий жардамы чексиз эмес экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0