Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина аскерлерин "тирүү калканч" кылып коргонууда. Артемовскидеги абал

© AP Photo / LibkosУкраиналык аскерлер Архив
Украиналык аскерлер Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Киевдин күч түзүмдөрүндө күчтү, каражатты туура жайгаштырганга жеке курам жетишсиз болгондуктан көп жоготууга учурап жатканын айтышты.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Украиналык командачылык Артемовскиде туура коргонууну уюштуруунун ордуна өз аскерлерин тирүү калканч катары колдонууда. Бул туурасында РИА Новости "Вагнер" тобунун шаарды камалоого алганга катышкан командирлеринин биринин айтканына таянып билдирди.
"Украина армиясынын коргонууга даярдыгы такыр эле жок экен деген тыянак чыгарууга болот. Кайсы бир жерлеринде окоптор, кайсы бир жерлеринде ок чыгара турган кичинекей жайлар бар. Алар мунун баарын адамдар менен жабуу чечимин кабыл алган деп ойлоп жатам. "Бахмут кандуу булоону" болууда, себеби Украина армиясы Артемовскинин жанында адамдарды "тирүү калканч" кылып коргонуп жатышат", — деп билдирген ал.
Агенттиктин маектеши Эркиндик аянтындагы анча көп эмес сандагы окопторду жана узак мөөнөткө аткылоого алчу жайларды көрсөткөн. Октордун, кургак тамак-аштын калдыктары жок болгондуктан командир ал жерде эч ким болгон эмес деген жыйынтык чыгарган.
"Алар окопту колдонушкан эмес, бардыгы үйлөрдө жашырынып отурушкан. Эч кандай деле каршылык көрсөтүү болгон эмес, балдар барып бардыгын ээлеп алышты. Эми биз бул чептин ортосундабыз", — деп айтып берген командир.
"Вагнердин" дагы бир аскери кезектеги туткундалган украиналык жоокер жетекчилиги туура эмес багыттагандыктан алар дароо эле багынып беришкенин айтканын билдирди.
"Биздин чалгынчылар взводу туткундаганда ал жерде каршылаштардын адам күчү көп топтолгону байкалган... Байкоо салуу, аткылоого ала турган жерлер туура эмес тандалган. Аларда (Киевдин күч түзүмдөрүндө — ред.) күчтү, каражаттарды туура жайгаштырганга жеке курам жетишсиз болгон. Менин пикиримде, булар ошондон улам көп жоготууларга учурап жатат", — деп айтып берген агенттиктин маектеши.
Буга чейин "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин Артемовскинин 80 пайызы, анын ичинде администрациялык борборлор, заводдор, фабрикалар россиялык бөлүктөрдүн колунда калгандыгын жарыялаган эле. Луганск Эл Республикасынын жетекчинин милдетин аткаруучу Денис Пушилиндин айтымында, айыгышкан салгылашуулар учурда шаардын батыш жагында жана темир жол өткөн аймакта жүрүүдө.
Украин аскерлери Артемовск шаарына жакын жерде турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск менен Авдеевка — демилитаризациянын негизги түйүнү. Атайын операция
Жаңылыктар түрмөгү
0