Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Артемовск менен Авдеевка — демилитаризациянын негизги түйүнү. Атайын операция

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaУкраин аскерлери Артемовск шаарына жакын жерде турушат. Архив
Украин аскерлери Артемовск шаарына жакын жерде турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Жазылуу
Күчөтүлгөн согуштук аракеттер – киевдик режимди улутчулдуктан арылтуунун эң ылайыктуу жолу. Ошондуктан россиялык атайын аскердик операция картасында Артемовск менен Авдеевка география эмес, стратегия.
Ошондой эле алар украиналык армияны жок кылуу жана НАТОнун аскердик дараметин төмөндөтүүнүн контролдук түйүндөрү болуп саналат. Россиялык күчтөрдүн аталган аймактардагы курчоосу барган сайын тарып баратканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын чабуулдук отряды Артемовскинин борборуна бир нече багыттан ынанымдуу түрдө бет алууда. Ар бир имарат, ар бир квартал тазаланууда. Мурдагы күнү Артемовск металл иштетүүчү заводунун бүтүндөй аймагын өз көзөмөлүнө алышты. Аталган ишкананын цехтеринин биринде украиналык президент Владимир Зеленский сыйлыктарды тапшырганы маалым.
Бахмут-1 темир жол станциясына жакын жердеги россиялык көзөмөл аймагы да кеңейди. Чабуулчу отряддардын аракеттерин "Солнцепек" огнеметтук тутумдарынын экипаждары калкалоодо. Ошону менен катар касташкан тараптардын таяныч түйүндөрү жана терең жашынуучу жайларга термобарикалык ракеталар менен сокку уруп жатат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Артемовскидеги позицияларына артиллеристтер менен көзгө атарлар чабуул жасоодо. Украинанын батыш тараптан буга бөгөт коюу аракеттерине Россиянын Кургактагы күчтөрү жана Аба-космостук күчтөрүнүн авиациясы дароо чара көрүүдө. "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын топтору жана РФ Коргоо министрлигинин өз ара аракеттешүүсү кынтыксыз жолго коюлган жана үндөшүп турат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный лондондук кураторлоруна украиналык куралдуу күчтөрдүн аргасыз абалы, "Бахмуттагы оор кырдаал" тууралуу маалымдады. Ошол эле убакта андан түштүккө карай 50 чакырым аралыктагы Авдеевка да "бахмуттук тарыхты" кайталоодо. Киевдик бийлик ыктыярчыларга, журналист жана бардык жай жарандарга ал жакка кирүүгө тыюу салган.
Калаада украиналык ишканаларды көчүрүү башталып, мобилдик байланыш да ишин токтотууда. Донецк Эл Республикасынын администрациясынын маалыматына караганда, Украина Куралдуу күчтөрүнүн Авдеевкадагы бекем корголгон району да "ыкчам курчоого" алынарына аз калды.
Абадан чалгындоо, майнаптуу контрбатареялык күрөш, россиялык артиллериянын ок жаадырышы фронттун чегинен украиналык замбирекчилерди сүрүп чыгарууга шарт түздү. Украина Куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы катарында талкаланган америкалык М777 гаубицалары, эзелки (чехословакиялык) RM-70 Vampire жана советтик "Граддар" гана калды.
Россиянын Аба-космостук күчтөрү Авдеевдеги бекем корголгон районго ракета-бомбалык соккуларын күчөткөн. Бул үчүн бутасын 50 чакырымдан мээлеген, 1 500 килодон өйдө салмактагы таамай авиабомбалар пайдаланылууда.
Абрам танкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Абрамстардын" согушка ашыгышы. Украина менен НАТОнун стратегиялык мүдүрүлүшү
Британ басылмалары мурдагы күнү Артемовскиде күн сайын 200гө чукул украиналык жоокер шейит болуп жатканын маалымдады. Луганск Эл Республикасынын администрациясынын маалыматына ылайык, 20-26-март аралыгында киевдик режим Артемовскинин четинде 1 500 жоокерин жоготту.
РФ Коргоо министрлиги атайын аскердик операция зонасында өткөн суткада 620дан ашуун украиналык аскер жок кылынганын кабарлады. Украина Куралдуу күчтөрүнүн бекем корголгон районуна абадан сокку урулгандагы тасмада көптөгөн чет өлкөлүк жалданма аскерлердин да набыт болгону байкалат. Атап айтканда, күрмөлөрүнүн жеңдеринде тигилген белгилелер польшалык жана грузиялык желектердин формасында (кыязы, польшалык күчтөрдөн жана Georgia national legion мүчөлөрү). Статистиканын бардык түрлөрү Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуул жасоого дарманы жок экенин айгинелегени менен киевдик режим эбегейсиз жоготууларына кайыл. Себеби Батыштагы кураторлору эскилиги жеткен ок өткөрбөс техника жана кымындай ок-дары менен жабдып, украиналык армияны "акыркы жана чечүүчү кармашка" айдоодо.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн моторлоштурулган бригадалары алигүнчө Bradley менен Marder пехоталык машинасын күтүп жатат. Ал эми азырынча айдагандары – эзелки M1224 ок өткөрбөс унаалары.
Британия тарабынан убада кылынган 14 даана Challenger-2 танкы менен украиналык экипаж фронттун 1000 чакырымдык тилкесинде байыркы Римдин убагындагы гладиатордук кармаштарды эске салат. Мейли ок өткөрбөс 20 Bulldog транспортеру болсун, мейли 30 даана AS-90өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрү болсун, абалга таасир эте албайт.
НАТОнун ондогон, балким жүздөгөн эски "Леопард" жана "Абрамстары" келсе да украиналык согуштук аракеттер театрында РФ Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык артыкчылыгын алмаштыра албасы айдан ачык.
Россия танктын саны боюнча планетада алдыңкы орунда, тагыраак, 12 миңден ашуун бирдиги бар. Быйыл дүйнөдө мыкты саналган Т-90М "Прорыв" жана Т-14 "Армата" танкаларынан 1 500 бирдикти чыгармакчы. Албетте, россиялык коргоо-өнөр жай комплекси үчүн жылына бир нече миллион артиллериялык дүрмөт чыгаруу кыйынчылык туудурбайт. Бирок Кошмо Штаттар менен НАТОнун – бүтүндөй Батыштын коргоо-өнөр жай комплексинин буга кудурети жетпестиги белгилүү. Муну Washington Post басылмасы да белгилеген.
Донор өлкөлөрдүн доллар менен евро түрүндөгү Киевге аскердик жардамы туруктуу эле туюлат, бирок авиация менен ок өткөрбөс оор техниканын таңсыктыгы, украиналык артиллериянын "дүрмөт тартыштыгы" дале күчүндө.
РФ Украина Куралдуу күчтөрүнүн резервдери, логистика объектилери топтолгон райондорго сокку уруп, украиналык коргонуунун үчүнчү линиясын жиреп, катаал чындыкты көзгө сайып көрсөтүүдө. АКШ менен НАТОнун саясатчылары жана стратегдери былтыркыдай болуп "согуш талаасында Россияны жеңүү" жөнүндөгү сөздөрүн жарыялабай калгансыйт...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украин аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулун кандай натыйжа күтөт? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0