Жаныбек Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Жазылуу
Депутат болуп өткөн окуядан кийин өзүн кызматта отурууга моралдык укугу жок деп эсептей турганын айтты.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мушташтын айынан мандатын тапшыра турганын билдирди.
Ал окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жатканын жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин дагы бир жолу белгилеген.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Ушуга байланыштуу мен окуяны талдап, терең ой жүгүртүп өз каалоом менен Жогорку Кеңешинин депутаты мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым. Албетте, бул оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин депутаттын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм. Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден (жабырлануучу) жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын", — деп жазды Абиров социалдык баракчасына.

Ошондой эле ал мандатынан ажыратууну сурап Борбордук шайлоо комиссиясына жазган арызын тиркеген.
Эскерте кетсек, 12-март күнү депутат Жаныбек Абиров ГБРдин кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш сөөгү жабыркап түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, депутат соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада териштирүүчү депутаттардын тобу түзүлгөн.
Депутат Жаныбек Абиров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Абировдун мушташы кантип башталганы тууралуу видео тарады
Жаңылыктар түрмөгү
0