Башкы прокурор депутат Абировду жоопко тартуу үчүн ЖКнын макулдугун сурады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Башкы прокуратурага Бишкек шаардык ИИБден депутат Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопко тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдан билдирди.
Эске салсак, депутатка карата кылмыш ишин козгоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн парламенттин макулдугу керек.
Маалыматка караганда, Башкы прокуратурага Бишкек шаардык ИИБден депутат Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.
Материалга ылайык, 12-мартта саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Дж. менен А.А. уулу Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, ден соолугуна зыян келтиришкен.
Башкы прокуратура Жаныбек Абировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пунктуларында (Адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди.
Эске салсак, 12-мартта социалдык тармактарга ЖК депутаты Жаныбек Абировго окшогон адамдын бир нече кишилер менен мушташка аралашып, бир адамды сабап жаткан видеосу тараган.
Андан сырткары, социалдык тармактарга күзөт агенттигинде иштеген, аты аталбаган кишинин чатакка байланыштуу билдирүүсү жазылган. Анда ресторанга чакырык менен жетип барган ыкчам аракетке келүүчү топтун эки кызматкерин ошол жерде онго чукул адамдын сабаганы айтылган.
Октябрь райондук ИИБ 12-мартта милицияга жабырланган Д.А. аттуу киши кайрылгандыгын билдирди. Жабырлануучуну болжол менен саат 03:30да Элебаев көчөсүндөгү ресторанда белгисиз киши сабагандыгын билдирген. Ал адам башынан жаракат алып ооруканага кайрылганы, учурда текшерүү башталып, тергөө жүрүп жатканы айтылган.
Ал арада президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымдалган. Ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Кийин окуяга шектүү эки киши кармалган.
Бүгүн Жаныбек Абиров соцтармак аркылуу үн катып, жабырлануучудан, жакындарынан, шайлоочуларынан жана жалпы кыргыз элинен кечирим сурады.
Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Алимжанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Абиров катышкан мушташ: депутат Алимжанов досунун жоругу үчүн кечирим сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0