Жаалданган эл, Акаевди бийликтен кетирген ыңкылап. 24-марттагы окуянын сүрөттөрү
Жаалданган эл, Акаевди бийликтен кетирген ыңкылап. 24-марттагы окуянын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Мындан 18 жыл мурда Кыргызстанда "Жоогазын ыңкылабы" болуп бийлик алмашкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул саясий ири окуядагы кайдыгер калтырбаган... 24.03.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2005-жылы 24-мартта биринчи ирет бийлик күч менен алмашып, президент өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон. Ага чейин март айынын башында элдик толкундоолор Жалал-Абадда башталып, кийин башка бардык аймактарга жайылган. Ал эми 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алып, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетүүгө мажбур болуп, түнү бою борбор калаада мародерлук күч алган.Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келсе, 2012-жылы бул маанилүү дата майрам деп белгиленбей калган. 2016-жылы эскерүү күнү катары жарыяланган.Тема боюнча:
Мындан 18 жыл мурда Кыргызстанда "Жоогазын ыңкылабы" болуп бийлик алмашкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул саясий ири окуядагы кайдыгер калтырбаган ирмемдерди сунуштайт.
Кыргызстанда 2005-жылы 24-мартта биринчи ирет бийлик күч менен алмашып, президент өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон. Ага чейин март айынын башында элдик толкундоолор Жалал-Абадда башталып, кийин башка бардык аймактарга жайылган. Ал эми 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алып, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетүүгө мажбур болуп, түнү бою борбор калаада мародерлук күч алган.
Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келсе, 2012-жылы бул маанилүү дата майрам деп белгиленбей калган. 2016-жылы эскерүү күнү катары жарыяланган.
Элдик толкундоолор өлкөнүн көпчүлүк шаар, район борборлорунда болуп өткөн. Ош шаарында бийликке каршы чыккандар Акаевдин портретин айрып жатышат. 2005-жылдын 21-марты.