Залкарлардын көчүн улап... Даңазалуу комузчу Самара Токтакунованын сүрөттөрү
Залкарлардын көчүн улап... Даңазалуу комузчу Самара Токтакунованын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн — белгилүү комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан 78 жаштагы залкар инсандын сүрөттөрүн сунуштайт. 09.03.2023, Sputnik Кыргызстан
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногондуктан кичине кезинен музыкага жакын өскөн. Элеттеги мектепти аяктаган соң чыгармачылыкка жакын өспүрүмдү апасы Фрунзеге алып келип музыкалык училищенин комуз бөлүмүнө тапшырткан. 15 жашында эле Токтогул Сатылганов, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Мураталы Күрөңкөев, Атай Огонбаев, Шекербек Шеркулов өңдүү залкарлардын күүлөрүн чертип чоң сахнага кадам таштаган.Токтакунова 1972-жылдан бери бир комузду чертип, жалпы 56 жыл оркестрде ойногон. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырып, эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп кыргыз элин тааныткан. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында шакирттерди тарбиялап келди, азыр эс алууда."Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевге турмушка чыгып 26 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уулду татыктуу тарбиялаган. Бир баласы Актан Исабаев эстрада жанрында ырчы-аткаруучу, экинчиси Аслан АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенет.Тема боюнча:
Бүгүн — белгилүү комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан 78 жаштагы залкар инсандын сүрөттөрүн сунуштайт.
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногондуктан кичине кезинен музыкага жакын өскөн. Элеттеги мектепти аяктаган соң чыгармачылыкка жакын өспүрүмдү апасы Фрунзеге алып келип музыкалык училищенин комуз бөлүмүнө тапшырткан. 15 жашында эле Токтогул Сатылганов, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Мураталы Күрөңкөев, Атай Огонбаев, Шекербек Шеркулов өңдүү залкарлардын күүлөрүн чертип чоң сахнага кадам таштаган.
Токтакунова 1972-жылдан бери бир комузду чертип, жалпы 56 жыл оркестрде ойногон. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырып, эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп кыргыз элин тааныткан. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында шакирттерди тарбиялап келди, азыр эс алууда.
"Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевге турмушка чыгып 26 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уулду татыктуу тарбиялаган. Бир баласы Актан Исабаев эстрада жанрында ырчы-аткаруучу, экинчиси Аслан АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенет.
Чыгармачыл инсан ооз комуз да каккан. Сүрөттө солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. Фрунзе шаары, 1981-жыл.
Ортодо комузчулар ансамблдин жетекчиси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Чалагыз Исабаев, оң жагында жубайы СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, сол жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Айша Базарбаева.
Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаев. Фрунзе шаары, 1987-жыл.
Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев. Канада, 1967-жыл.
Залкар талант узак убакыттан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга тажрыйба бөлүшүп иштеп келет. Сүрөттө кесиптештери менен.
КРдин эл артисти, II жана III даражадагы Манас орденин кавалери 78 жашка толду. Сүрөттө залкар талант мурдагы маданият министрлери Кайрат Иманалиев менен Азамат Жамангулов менен.