Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, актриса Айша Карасаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан чыгаан окумуштуунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Айша Карасаева 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Султаналы өз айылында мектеп ачып, сабатсыздыкты жоюу менен алектенген. Илимге умтулган кыз 11 жашында бир жума бою жол жүрүп борбор калаага келип, педагогикалык техникумга тапшырып, Петр Юдахинден сабак алган.
1930-жылдары бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн түрколог Кусеин Карасаевге турмушка чыгып, экөө Ленинград шаарына билим алганы кеткен. Ал жакта жумушчу факультетинин чыгыш бөлүмүндө окуп, СССР элдеринин тилдери жана жазмалары боюнча илим изилдөө институтунда беш жылдай кенже илимий кызматкер болуп иштеп, кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыккан. Эмгекчил филолог пенсияга чыкканга чейин 30 жылдай окутуучулукту аркалап, бир топ кыргыз стенографисттерди тарбиялаган.
Илимпоз 2014-жылы 103 жаш курагында көз жумган.
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Айша Карасаеванын атасы Султаналы өзүнүн айылында мектеп ачып, директор болуп иштеген

Айша Карасаеванын атасы Султаналы өзүнүн айылында мектеп ачып, директор болуп иштеген - Sputnik Кыргызстан
1/15

Айша Карасаеванын атасы Султаналы өзүнүн айылында мектеп ачып, директор болуп иштеген

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Ал 11 жашында бир жума бою жол жүрүп, борбор калаага келип педагогикалык техникумда билим алган

Ал 11 жашында бир жума бою жол жүрүп, борбор калаага келип педагогикалык техникумда билим алган - Sputnik Кыргызстан
2/15

Ал 11 жашында бир жума бою жол жүрүп, борбор калаага келип педагогикалык техникумда билим алган

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Кусеин Карасаев 29 жашында көптөн бери жолугуп жүргөн Айшага баш кошкон

Кусеин Карасаев 29 жашында көптөн бери жолугуп жүргөн Айшага баш кошкон - Sputnik Кыргызстан
3/15

Кусеин Карасаев 29 жашында көптөн бери жолугуп жүргөн Айшага баш кошкон

© Sputnik / Александр Федоров

"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы кыз. Айша Карасаева кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан

"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы кыз. Айша Карасаева кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан - Sputnik Кыргызстан
4/15

"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы кыз. Айша Карасаева кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

1930-жылдары түгөйлөр Ленинград шаарында билим алып, бөтөн жерде илим менен алектенген

1930-жылдары түгөйлөр Ленинград шаарында билим алып, бөтөн жерде илим менен алектенген - Sputnik Кыргызстан
5/15

1930-жылдары түгөйлөр Ленинград шаарында билим алып, бөтөн жерде илим менен алектенген

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Жубайлар узак убакыт бирге түтүн булатып үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жеткен.

Жубайлар узак убакыт бирге түтүн булатып үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жеткен. - Sputnik Кыргызстан
6/15

Жубайлар узак убакыт бирге түтүн булатып үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жеткен.

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), жолдошу атактуу илимпоз Кусеин Карасаев иш бөлмөсүндө небереси менен

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), жолдошу атактуу илимпоз Кусеин Карасаев иш бөлмөсүндө небереси менен - Sputnik Кыргызстан
7/15

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), жолдошу атактуу илимпоз Кусеин Карасаев иш бөлмөсүндө небереси менен

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Карасаева окумуштуу жолдошунун өмүрүнүн аягына чейин илимий эмгектеринин редактору болгон

Карасаева окумуштуу жолдошунун өмүрүнүн аягына чейин илимий эмгектеринин редактору болгон - Sputnik Кыргызстан
8/15

Карасаева окумуштуу жолдошунун өмүрүнүн аягына чейин илимий эмгектеринин редактору болгон

© Фото / предоставлено мемориальным музеем имени Кусеина Карасаева

Атактуу тилчи Кусеин Карасаев жана белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен

Атактуу тилчи Кусеин Карасаев жана белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен - Sputnik Кыргызстан
9/15

Атактуу тилчи Кусеин Карасаев жана белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен

© Фото / из семейного архива Бектеновых

Солдон оңду көздөй отурган белгилүү окумуштуу, котормочу Зияш Бектенов, чыгаан түрколог Константин Юдахин, колуна небересин көтөрүп турган Айша Карасаева (Түмөнбаева), анын жанында отурган Кусеин Карасаев жана четте "Известия" гезитинин кабарчысы Геннадий Комаров. Фрунзе шаары, 1960-жылдар

Солдон оңду көздөй отурган белгилүү окумуштуу, котормочу Зияш Бектенов, чыгаан түрколог Константин Юдахин, колуна небересин көтөрүп турган Айша Карасаева (Түмөнбаева), анын жанында отурган Кусеин Карасаев жана четте "Известия" гезитинин кабарчысы Геннадий Комаров. Фрунзе шаары, 1960-жылдар - Sputnik Кыргызстан
10/15

Солдон оңду көздөй отурган белгилүү окумуштуу, котормочу Зияш Бектенов, чыгаан түрколог Константин Юдахин, колуна небересин көтөрүп турган Айша Карасаева (Түмөнбаева), анын жанында отурган Кусеин Карасаев жана четте "Известия" гезитинин кабарчысы Геннадий Комаров. Фрунзе шаары, 1960-жылдар

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата

Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата - Sputnik Кыргызстан
11/15

Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Кусеин Карасаев, Мар Байжиев, Айша Карасаева. Ысык-Көл облусу, 1992-жыл

Кусеин Карасаев, Мар Байжиев, Айша Карасаева. Ысык-Көл облусу, 1992-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/15

Кусеин Карасаев, Мар Байжиев, Айша Карасаева. Ысык-Көл облусу, 1992-жыл

© Видео / предоставлено мемориальным музеем имени Кусеина Карасаева

Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев биринчи катарда Карасаевдердин бүлөсү менен отурат

Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев биринчи катарда Карасаевдердин бүлөсү менен отурат - Sputnik Кыргызстан
13/15

Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев биринчи катарда Карасаевдердин бүлөсү менен отурат

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Илимге өмүрүн арнаган инсандар 68 жыл бирге түтүн булаткан

Илимге өмүрүн арнаган инсандар 68 жыл бирге түтүн булаткан - Sputnik Кыргызстан
14/15

Илимге өмүрүн арнаган инсандар 68 жыл бирге түтүн булаткан

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева

Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан

Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан - Sputnik Кыргызстан
15/15

Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан

Тема боюнча:
Айтматов кадырын салып ачык кадрларды калтырткан. "Биринчи мугалимдеги" ирмемдер
Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси
Өмүрүн сахнага арнаган 82 жаштагы дирижер. Сардарбек Жумалиевдин сүрөттөрү
Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакасын чагылдырган 16 сүрөт
Жашоосун театр, киного байлаган Бакыт Мукул 58 жашта. Режиссердун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0