Экс-спикер Талант Мамытов менен журналисттин "кармашы". Сүрөттөгү 15 ирмем
Экс-спикер Талант Мамытов менен журналисттин "кармашы". Сүрөттөгү 15 ирмем
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков менен ЖК депутаты Талант Мамытов "Таймашуудагы маек" долбоорунун алкагында бокстук... 20.03.2023, Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери чабуул жасоодо жана коргонууда активдүү болду. Мамытов — ушу-саньда боюнча спорт чебери, ошондой эле кикбоксинг менен да алектенген."Таймашуудагы маек" — бокстук беттешүүнү камтыган маек. Ага ар тармактагы таанымал адамдар чакырылат. Беттешүү учурунда конок психологиялык тоскоолдуктарды жеңип, маектешке толук ачыла алат деп ишенебиз. Таймашта капталга согууга гана уруксат берилет.Тема боюнча: — Журналист айтылуу Орзубек Назаров менен беттешти. Рингдеги кызыктуу сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков менен ЖК депутаты Талант Мамытов "Таймашуудагы маек" долбоорунун алкагында бокстук беттеш өткөрүштү. Кармаш эки мүнөттөн беш раундга созулду.
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери чабуул жасоодо жана коргонууда активдүү болду. Мамытов — ушу-саньда боюнча спорт чебери, ошондой эле кикбоксинг менен да алектенген.
"Таймашуудагы маек" — бокстук беттешүүнү камтыган маек. Ага ар тармактагы таанымал адамдар чакырылат. Беттешүү учурунда конок психологиялык тоскоолдуктарды жеңип, маектешке толук ачыла алат деп ишенебиз. Таймашта капталга согууга гана уруксат берилет.
ЖКнын экс-спикери, депутат Талант Мамытов менен Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков "Таймашуудагы маек" долбоорунун видеосун тартуу маалында
Талант Мамытов: "Саясат ыплас деп айтышат эмеспи, көпчүлүк учурда бардык нерсе жеке кызыкчылык үчүн же кандайдыр бир саясий топтун пайдасы үчүн чечилет..."
Талант Мамытов: "Бокстун техникасы — чабуу кылуу жана коргонуу. Эгерде коргонгонду билбесең жөн эле уруп түшүрүшөт, андыктан улам жылып коргонуу керек".
Талант Мамытов: "Мыйзам боюнча баяндамачы мамлекеттик дагы, расмий дагы тилде чыгып сүйлөй алат. Ага тыюу салуу мыйзам бузуу болуп саналат. Баяндамачы кыргызча билбесе орус тилинде чыгып сүйлөгөнгө укугу бар".
Талант Мамытов: "Мен саясатка органдардан келдим. Башында көп нерсе түшүнүксүз эле. Парламенттеги ызы-чуу, талаш-тартыштар, чыккынчылык жана башка нерселер... Көнүп кетүү оор болду, бирок мен өзүмчө жыйынтык чыгардым".