Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 95 млн. доллар насыя алынат

© Sputnik / Асель СыдыковаТранспорт жана жана коммуникация министрлигине караштуу Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жол инженери Нур Дубашев
Транспорт жана жана коммуникация министрлигине караштуу Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жол инженери Нур Дубашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Транспорт жана жана коммуникация министрлигине караштуу Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жол инженери Нур Дубашев автожолду реконструкциялоонун IV фазасы 2025-жылы башталарын айтты.
Суусамыр — Талас — Тараз автожолунун биринчи фазасы (0-50-чакырым) 2010-жылы, экинчиси (52-73-чакырым) 2011-жылы, ал эми үчүнчү фазасынын (75-105-чакырым) негизги жумуштары 2017-жылы, кошумча иштер толугу менен 2021-жылы бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилген. Бул тууралуу Нур Дубашев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 95 млн. доллар насыя алынат
Анын айтымында, аталган жол Кыргызстандын негизги транспорт коридорлорунун бири, эл аралык маанидеги трасса болуп эсептелет.
"21-февралда парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суусамыр — Талас — Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун жана техникалык-гранттык келишимдин долбоору каралды. Ал жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, тактап айтканда, аталган жолду жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 миллион долларды түзөт. Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде жети жылдык жеңилдетилген тартипте 50 миллион доллар өлчөмүндө кредиттик каражат берет. Трассанын IV фазасы үчүн сарптала турган 105,2 миллион доллардын 95и — насыя. Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар, Сауд өнүктүрүү фондунан 30 миллион доллар, Эл аралык өнүктүрүү фондунан (OPEC) 15 миллион доллар насыя алынса, Кыргызстандын министрлер кабинети 10 миллион доллар бөлөт. Ал эми 200 миң доллар техникалык жардам катары берилет. Учурда макулдашуу иштери жүрүп жатат", — деди Дубашев.
Ал тиешелүү тараптардын кол коюу процедураларынан соӊ Суусамыр — Талас — Тараз автожолун реконструкциялоонун IV фазасы 2025-жылы башталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0