Сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШдагы мелдеште рекорд жаратты

© Фото / пресс-служба Федерации плавания КРКыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Жазылуу
Спортчу 1:50:51 мүнөттө брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзгөн.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Атлантика конференциясы чемпионатында биринчи орунду камсыздап, турнирде рекорд жаратты. Бул тууралуу өлкөнүн Сууда сүзүү федерациясы маалымдады.
Спортчу 1:50:51 мүнөттө брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзгөн.
"Бул — Денисти Америка континентинин эле эмес планета мыктыларынын катарына чыгарган жетишкендик", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Петрашов 1:51:89 мүнөттө 200 ярд (дээрлик 183 метр) сүзүп, экинчи орунга ээ болгон. Турнир Атлантада өтүп жатат.
Кыргызстандык Адилет Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2023
Кыргызстандык мушкер Open FC чемпиону болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0