00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жакынкы Чыгыштагы окуяларга карабай, ЕАЭБге мүчө болгонубуздун аркасында мунай жеткирүүдө коркунуч жок
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Большой Брат в магазине: зачем государству знать, что и почем вы купили
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги кандай — жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как вступить в наследство в Кыргызстане и не потерять квартиру: гайд от юриста
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенты, квоты и ЕАЭС: как устроено обучение кыргызстанцев на Урале в 2026 году
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ближний Восток и цены на билеты: что будет с турсезоном в Кыргызстане
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адам каалагандай жашашы үчүн эмне керек? Эмоционалдык интеллект тууралуу

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Чолпонай Назаралиева
Психолог Чолпонай Назаралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Жазылуу
Психолог Чолпонай Назаралиева ар бир адамдын жашоосу анын психикалык ден соолугуна байланыштуу болорун айтты.
Ар бир киши өзү каалагандай жашашы үчүн, биринчиден, ден соолугу болушу керек. Мында кеп бир гана дененин эмес психикалык ден соолук жөнүндө болууда. Бул тууралуу Чолпонай Назаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адам каалагандай жашашы үчүн эмне керек? Эмоционалдык интеллект тууралуу
Анын айтымында, ар бир адам эмоционалдык интеллектинин деңгээлин жогорулатканга аракет кылыш керек.
"Коомдо өз ордун таппай жүргөн адамдар, тилекке каршы, көп. Жашоодон эмне кааларын, эмне кылгысы келерин билбегендер толтура. Адам өзү каалагандай жашоодо жашаш үчүн эң биринчи кезекте ден соолугу болушу керек. Албетте, дененин саламаттыгы да өтө маанилүү, бирок бул жерде кеп психикалык ден соолук тууралуу болууда. Анткени психикалык ден соолук баарына таасир тийгизет. Эгер адамдын ичинде таарыныч, стресс, депрессия болсо ал сыртка чыкканга жол издейт. Буларды ичке катпоо абдан маанилүү. Болбосо баш оорудан баштап ракка чейин алып барышы мүмкүн. Биз айтып жаткан психикалык ден соолук адамдар менен мамиле курууга көмөктөшөт. Үй-бүлө, дос күтүүгө, жумушта жана финансылык жактан ийгиликтүү болууга себепкер болот. Психикалык ден соолукту чыңдоо үчүн эмоционалдык интеллектинин деңгээлин жогорулатуу зарыл. Эмоционалдык интеллект — адамдын өзүн-өзү түшүнүүсү. Жогоруда айткандай, айланабызда эмне кыларын билбегендер абдан көп. Бизге оор жоготууну башынан өткөргөн, туңгуюкка кабылган кардарлар келишет. Алардан "Кандайсыз?" деп сураганда көнүмүшкө айланган "жакшы" деген жоопту айтышат. Бул — өзүн-өзү алдагандык. Адам күнүнө өзүнөн эки-үч жолу сезимдери тууралуу сурап турушу зарыл. Башкача айтканда, сезимдери менен эсептешүүсү зарыл. Жан дүйнөбүз ооруп жатса психологго кайрылуудан тартынбаш керек. Денебиздин бир жери ооруса врачка барганга көнүп калганбыз. Бирок ички дүйнөбүз ооруп жатса маани бербей жүрө беребиз. Психологдорго акылы тайкы гана адамдар барат деген стереотиптен канчалык эрте арылсак ошончолук жакшы", — деди психолог.
Ал эмоционалдык интеллект тууралуу түшүнүк Кыргызстанда эми-эми жайылып жатканын жана бул нерсе дүйнө жүзүндө да 90-жылдары гана пайда болгонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0