Жигитимдин анык оюн биле албай койдум. Бушайман болгон кыздын каты

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosКол кармашып турган түгөй. Архив
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жигитинин чечкинсиздигине түйшөлгөн кыз кат жазып, психологдон кеңеш сураган.
Саламатсыңар! Мен 32 жаштамын. Учурда жакшы жерде иштейм, жигитим экөөбүз тең медикпиз. Жашыбыз да тең. Ошол эле учурда материалдык жактан да эч кимге көз каранды эмеспиз. Дегеним, өзүбүздү өзүбүз камсыздай алабыз. Экөөбүздүн ата-энелерибиз деле эл катары эле жашашат. Ал жигит - үйдүн ортончусу. Агасы, бир карындашы бар. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө үч жыл болду. Мамилебиз абдан жакшы. Мени жакшы көрөрүн айтат, дайыма белек берет же бир жакта чакырып "сюрприздерди" жасап турат. Бирок бир аз чечкинсиз. Мүнөзү, баары жакшы болгону менен бир эле чечкинсиз сапаты жакпайт. Анан да эч кимге сыр бербейт. Ак да, көк да дебейт. Башкача айтканда, ичиндеги сырын билдирбейт. Ата-энелерибиз деле бири-бирибизди таанып бүткөн. Майрамдарда апасы менен телефон аркылуу куттукташып калабыз. Ал да менин апама белегин берип жиберет. Баары сонун. Бирок эч эле үйлөнүү тууралуу сөз козгобойт. Ушул жагына таң калып, башым да жетпей койду. Өзү сөз баштабагандан кийин мен да айтпайм. Ошентсе да акыркы кезде тынчсызданып баштадым. Анткени мен да эртерээк балалуу болушум керек. Себеби жашым өтүп кетсе төрөттөн калып калуудан корком. Апам болсо "тезинен ачык сүйлөшпөйсүңөрбү, үйлөнбөсө сени да кармабасын" деп жатат. Апамдыкы да туура. Бирок мен жигитимди жакшы көрөм. Ал да мени сүйөрүн билип турам. Эми ачык айтайын деп жатам. "Үйлөнөсүңбү же кандай оюң бар" деп сурасам эркекти чочутуп албаймынбы? Карьера кылууну ойлоп жүрөт десем, бир жерде эле врач болуп беш жылдан бери иштеп келе жатат. Такыр түшүнө албай койдум. Мени менен жөн эле сүйлөштү десем өзү деле андайды жактырбаган, түз жүргөн адам. Же башка кыз менен сүйлөшкөнүн байкабадым. Бул кадыресе эле көрүнүшпү?
Психолог Сажира Абдыкаимова: Саламатсызбы?! Жумуш иштегенден башка дагы эмне менен алексиз? Сиз үчүн жакшы көрүү деген эмне? Стабилдүү сүйүүсүн даңазалап туруубу? Ар кимдин турмушка даяр болуусу ар башкача. Сиздин турмушка даяр экендигиңиз жигитиңиздин даяр экендигин билдирбейт. Айрымдар 18 жашта турмуш кура алат, кээ бир адамдар 40 жашта деле турмуш курууга даяр эмес. Андыктан ойлонуңуз. Өмүр бою эч ойлонбой турмуштун жыргалын, кыйынчылыктарын бирге өткөрө турган адамыңыз кандай? Азыркы жигитиңиз ушул адамдын образын береби? Сизге жөн гана балалуу болуу маанилүүбү? Үй-бүлөлүк турмуш азыркы жашооңуздан алда канча айырмаланат. Эгер сиз өзүңүздү кабыл алган адамга турмушка чыксаңыз оңой, жок баары бир өзгөрүп кетет деп чыксаңыз ал кыйынчылыктар менен коштолот. Бирөөнүн сөзүнөн кутулуу үчүн эле турмуш куруу туура эмес. Жан дүйнөңүз турмуш куруу керек, жашым өтүп кетип жатат деп эмес, ушул менен жашоонун жыргалын, кыйынчылыктарын бирге өткөргүм келет деген сезим менен үй-бүлө куруңуз деген сунуш бермекмин. Эгер азыр бирге жашабаганда жакпаган бир нерселер болсо, ал нерселер келечекте жок болот деп ойлонбоңуз. Кыжырга тие турган нерселер андан да көбөйүшү мүмкүн. Эмнеге дегенде сиз ал адамды кандай болсо ошондой кабыл ала албай жатасыз. Жогорудагы суроолорго жооп бериңиз. Азыр сиздин келечек туңгуюк болуп жатса "качан үйлөнөбүз?" деп эмес, "жакынкы бир жылга кандай пландарың бар?", "беш жыл ичиндечи?" деген суроо узатыңыз. Пландарын айтып жатканда аябай берилип угуңуз. Ошол жерден эле жигитиңиздин планында сиз барсызбы же жоксузбу билинет. Андан кийинки чечим сиздики.
Аялга карата зордук-зомбулук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Кызганычтан кол көтөргөн жигитке кантип турмушка чыгам. Кыздын даты
Жаңылыктар түрмөгү
0