Кызганычтан кол көтөргөн жигитке кантип турмушка чыгам. Кыздын даты

© Фото / Pexels / MART PRODUCTIONАялга карата зордук-зомбулук. Иллюстративдик сүрөт
Аялга карата зордук-зомбулук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына аша чапкан кызганчаак жигитинин ур-соккусуна кабылып, капаланган кыз кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен 23 жаштамын. Быйыл шаардагы гимназия мектептеринин бирине мугалим болуп орношком. Сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Күзүндө үйлөнүүнү пландап жүргөнбүз. Ата-энеси, үй-бүлөсү менен тааныштырган. Өзү Чүйлүк жигит. Баары жакшы эле, мен да аны абдан жакшы көрөм. Бирок өтө эле кызганчаак. Болбогон нерсеге кызгана берет. Телефондон сүйлөшүп жатсак нары жактан көчөдөгү эркектин үнү чыгып калса деле "каякта жүрөсүң, тиги ким" деп суракка алат. Жарым саат акырын түшүндүрүп айтып же видеозвонок менен чалбасаң жетип келип белгисиз бирөөнү издеп ызылдашы мүмкүн. Орой айтканда, көчөдө турган зым карагайдан деле кызгана берет. Ушул мүнөзүнөн тажап кетем. Калган жагынан баары менин оюмдагыдай, жумушу, материалдык абалы, үй-бүлөсү көңүлүмө толот.
Ушул кезге чейин 100 пайыз турмушка чыгарыма ишенимдүү болчумун. Бирок жакындагы кылыгы мени ойго салып койду. Кадимкидей арсар болуп калдым. Себеби курсташ кыздар кечинде жумуштан чыгып кафеге барган элек. Анткени бир кыздын туулган күнү болчу. Ошол жакта көңүлдүү отурганда чалып калганда кайда экенимди айттым. Негизи барарымды билчү. Анан эле 10 мүнөт сайын чала берди. Ортодо кыздардын алдында ыңгайсыз болдум. "Бийлеп келели" дешкенден кыздар менен 20 мүнөттөй бийлеп келсем 10 жолу чалыптыр. Телефонду алсам ары жактан кыйкырып, жаман сөздөр менен сөгүп жатты. Мурда мындай болгон эмес. Мен да ызаланып, ачууланып уруша кеттим. Ошону менен коңгуроосуна жооп бербей койдум. Себеби түшүндүргөнгө да мүмкүнчүлүк берген жок. Арадан 20 мүнөт өтпөй кафеге жетип келди да, кыздардын көзүнчө мени колумдан сыртка сүйрөп чыгып тилдеп, жаакка бир салды. Тойдум баарына деп мен ызаланган тейде такси чакырып кетейин десем, аны менен жакалашты. Ошентип өзү үйгө жеткирип келип, кечки 11:30га чейин эки саат эшикте ар кайсыны айтып мээмди оорутту. Акыры эжем чалганда гана коё берди. Мен үйгө ыйлап келдим. Кебетемди көргөн эжеме баарын айтып берсем, ал "жолобо, той болбойт" деп жатат. Мен да жигитиме ошондон бери жолуга элекмин. Телефондон кечирим сурап жатат, бирок жооп бербей жатам. Апамдарга айта элекмин. Эжем мындай чектен ашкан кызганчаактык оору экенин айтат. Турмушка чыксам тагдырымды талкалап аламбы? Психологдор буга кандай аныктама берет.
Психолог Сажира Абдыкаимова: Саламатсызбы?! Абдан жаш, энергияга толуп турган куракта экенсиз. Жигитиңиздин кызганган мүнөзү качан пайда болду? Башка адамдардан колдоо күтүп жатасызбы? Жашоодо үй-бүлө эки адамдын ортосундагы мамиле аркылуу курулушу керек. Ал жерге үй, турмуш-шарт, ата-тектин эч кандай тиешеси болбошу зарыл. Мамиле курууда сиздер бири-бириңиздерге ишенесиздерби? Бирге жашабай эле ушундай көйгөйлөр болсо, үйлөнгөндөн кийин "үйдөн чыкпа" десе макул боло аласызбы? Таразага коюңуз. Сизге эмнеси жагат? Бирден коюңуз, андан соң ал адам эч качан өзгөрбөй турганын билиңиз. Аялдар өзүбүзгө окшоп "баары өзгөрөт" деп ойлойбуз, ал эми эркек эч качан өзгөрбөйт. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деген кыргызда мыкты макал бар. Бул окуяга туура келчүдөй. Андан дагы бир жолу сизге кол көтөргөн адам экинчи жолу мындай жасабайт деп ким кепилдик берет? Эгер сиз бактылуу жашоону кааласаңыз. аны кандай элестетесиз? "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген макалды кандай түшүнөсүз? Эгер жигитиңиздин сиз санап кеткен жакшы жактары жана жакын адамдары, материалдык абалын бир бөтөлкө таза суу деп билсек, ага бир эле тамчы ылай түшүп калды, ошол сууну ичүүгө болобу? Же бир тамчы ылайдан ажыратып алуу оңойбу? Турмушта ар кандай болот, сиздин кыялыңыздагы адам дал ошол жигитиңиздей жини бат келген, өз эмоцияларын башкара албаган, алсыз айымга кол көтөргөн инсанбы? Сизди сыйлаган, урматтаган, жеке чектерди сактаган, сизге 100 пайыз ишенген адамга татыктуу эмессизби? Сүйүү — бул башка адамды чектеп, өзүнө ыңгайлуу адам кылып тарбиялоо эмес. Сүйүү — бул ал адам кандай болсо ошондой кабыл алуу. Ушул суроолорго жооп бергенден кийин сиз жигитиңизди чындап сүйөсүзбү, анализдеңиз. Ушундай жаман мамилеге татыктуусузбу? Менин кеңешим — өзүңүзгө ишеничти көтөрүп, эмнеге татыктуусуз, адамдар сизге кандай мамиле жасоосу зарыл экендигин түшүнүү үчүн психолог менен иштешиңиз.
Эсиңизде болсун, психикалык жактан мандеми жок адам мындай мамиле жасабайт. Кыздар өзгөрүүсү мүмкүн, бирок турмушта эркек өзгөрбөйт. Айрым аялдар балалуу болгондон кийин "урбай калар" деген ишеним менен жашап жүрө берет. Бул туура эмес. "Кызганат, демек сүйөт" деген пикирге кошула албайм. Кызганычы жок эле сүйүү болот. Башкача айтканда, кызганычтын да чеги, орду болот. Чектен ашып кызганып, аңдуу — бул оору.
Көчөдө бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2023
Келиним менин тиш жуугучум менен унитаз жууйт экен. Кайнененин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0