Кыргызстан Кытайды ортодогу келишимдерди аткарууну жандантууга чакырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстан жана Кытай желектери. Архив
Кыргызстан жана Кытай желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жазылуу
Эскерте кетсек, Си Цзиньпиндин 2019-жылдагы Кыргызстанга болгон сапарында жалпысынан 24 меморандум жана келишимге кол коюлган.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан келишимдерди аткарууну жандантууну өтүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин Кытайдын Кыргызстандыгы элчиси Ду Дэвен менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарда жолугушууда Төрөбаев "коронавирус пандемиясынын айынан убактылуу токтоп турган эки тараптуу келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашырууну жандантууну" сунуштаганы айтылды.
"Пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кол коюлган келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу жанданат. Өзгөчө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 2019-жылы Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулар боюнча ишти кайра баштоону сунуштайм", — деди Төрөбаев.
Эскерте кетсек, Си Цзиньпиндин 2019-жылдагы Кыргызстанга болгон сапарында жалпысынан 24 меморандум жана келишимге кол коюлган.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелерин ушул жылдын июнь айына чейин бүтүрүү зарылдыгын айтты.
Ал эми Ду Дэвен өз кезегинде "Пекин кыргыз экспортчуларына шарттарды түзүүгө жардам берүүгө даяр" экенин белгилеген.
"Кытай Кыргызстандын айыл чарба продукциясын өз рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Буга байланыштуу Пекин кыргыз экспортчуларына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр", — деди элчи.
Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11 айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 3 миллиард 678 миллион долларды түзгөн, анын ичинен экспорт 52 миллионго, ал эми импорт 3 миллиард 626 миллионго жеткен.
2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 миллион доллардан ашуун түз инвестиция келген. Былтыр тогуз айдын аралыгында бул көрсөткүч 219 миллион 701 миң долларды түзгөн.
Торугарт посту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
"Торугарт" посту убактылуу жабылды
Жаңылыктар түрмөгү
0