Аялымды, уулумду ата-энемден жашыруудан чарчадым. Жигиттин каты

© Фото / Pexels / Vidal Balielo JrҮй-бүлө. Иллюстративдик сүрөт
Үй-бүлө. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына сүйүктүүсүн ата-энеси менен тааныштырууга батына албай жүргөн жигит кат жазган.
Саламатсыңар! Мен 31 жаштамын. Учурда ата-энем менен жашайм. Ал кишилер салт-санаага абдан катуу маани берген, аны карманган адамдар. Башкаларга да үлгү болуп, үйрөтүп, керек жерде таң калып, сын тагып да коюшканын угам. Негизи үйдүн кичүүсүмүн. Үйдөгүлөр үйлөнүшүмдү айта берип тажагандай болушту. Той-топур болсо эле "үйлөн-үйлөн" дей беришер эле. Азыр унчукпай калышты.
Мындан төрт жыл мурун жыйында бир кыз менен кездешип калып, жакшы баарлашып калганбыз. Ошону менен мен деле иштеп жүрдүм, бирок ал кыз көңүлүмдө сакталып калгандай болду. Жарым жылдан кийин супермаркетте жүрсөм азык-түлүк алып жүргөн экен, сүйлөшүп, колундагы оор баштыгын көрүп жеткирип коюуну сунуштасам каршы болгон жок. Үйүнө жеткирип баратып, жолдон "Бала бакчадан баламды алышым керек. Рахмат, ушул жерден түшүп калайын" дегенинен, "жолдошуңуз бош эмеспи" десем күлүп койду. Мен да унаамды айдап кетип калгам. Анткени күйөөсү бар келиндин башына маселе жараткым келген жок. Андан кийин социалдык тармактан өзү жазып рахматын айтып, "жолдошу турса мени эмне бакчага жеткиртти деп ойлоп калдыңыз го. Чынында жолдошум каза болуп калган, азык-түлүк алып жүрүп алты жаштагы баламды алууга кечигип калдым. Ошол себептен сунушуңузду четке какпай макул болдум" деп айтты. "Эч нерсе эмес" дегеним менен жолдошу жок экенин угуп абдан сүйүндүм. Ошентип арадан бир жыл өтүп, экөөбүз тең бири-бирибиздин сезимибиз тунук экенин түшүнүп жашап калдык. Азыр уулун өз баламдай көрөм. Экөөбүз дагы уулдуу болгонбуз. Негизи эки жакта жашап жүрөм. Бирок ата-энем ак той менен келин алууну кыялданып, ар кимдин кызын мага ылайыктап жабыштыра берет. Андай учурда сыртка чыгып кетем же унчукпай кутулам. Апам да, атам да абдан катуу адамдар болгондуктан келин алып келгенимди кабыл албайт деп ойлодум. Аларга айтсам эле азыркы бактымдан айрылып, татынакай сезимдерге так түшүп калчудай сезем. Ооба, мен деле өмүр бою айтпай жүрө берүүдөн алысмын. Болгону, ата-энем, жакындарым "бул үйлөнбөйт го" деп чочулап, баарына макул болуп кала турган деңгээлге жетишин күтүп жүрөм. Экинчиден, аялымды ата-энемдин нааразычылыгы эмес ыраазычылыгы менен үйүмдүн босогосун аттаткым келет. Ошондо баары жакшы болот деп ойлойм. Бирок акыркы күндөрү ата-энемдин кысымы аз келгенсип, келинчегим да "качан бетибиз ачылат, ушинтип жүрө беребизби" деп жатат. Ушуга чейин түшүнүү менен карап, жакшы эле чыдап келди окшойт. Кайненем менен кайним бизди билет. Кадимкидей кайненемдин алдынан өтүп, баарын түшүндүргөм. Акыркы кезде мен да абдан ыңгайсыз абалда жүрөм, эки оттун ортосунда калгандаймын. Бирок мунун баарына чыдайм. Болгону ага чейин келинчегимдин көңүлү калып же мамилебиз бузулуп калабы деп корком...

Психолог Сажира Абдыкаимова:

Саламатсызбы. 31 жашта болсоңуз, демек, бардык көйгөйдү өз алдынча чече алган учурга келип калган экенсиз. Же азыркы абалыңыз сизди канааттандырабы? Балким ушул учурдагыдай жашоо жагып жаткандыр? Эгер сизге танда десе кимди тандайсыз? Сизди төрөп, өстүргөн ата-энеңиздиби же сизге уул төрөп берген айымдыбы? Келиңиз, азыркы жана келечектеги жашооңуз жөнүндө ой жүгүртүп көрбөйлүбү?
Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби? Сизге уул төрөп берген аял менен өмүр бою жашайм деп чечим кабыл алгансызбы? Үй-бүлө курууда эмнеге көңүл буруу керек? Мында ата-энеңиздин тандоосу биринчи орунда болушу шартпы? Төрт жыл ичинде сизге жаккан айым тууралуу туугандарга айтуу мүмкүнчүлүгү болгон жокпу? Эгер ата-энеңиз "үйлөн" деп кыстабаса, дал ушундай жашоо моделин тандап, жашай берүүгө өтсөңүз болобу? Азыркы учурда уулуңуз менен чогуу жашайсызбы? Эгер ата-энеңиз сиздин тандоону кабыл албаса кандай чечим чыгарасыз? Баарын айтуу үчүн сизге канча убакыт керек? Сиз жок болсоңуз келинчегиңиз эки уулун өзү жалгыз тарбиялап чоңойто алабы? Пикириңизди колдой турган бир туугандарыңыз барбы? Эң биринчи ошолор менен кеңешип көрсөңүз эмне болот? Бир келген жашоодо тандоо дайыма болушу керекпи? Эгер болсо сиз аялды туура тандадыңызбы? Эмне үчүн мынча убакыттан бери жанында жүрөсүз? Ушул суроолордун тегерегинде ой жүгүрткөндөн кийин туура чечим чыгарасыз деп ишенем.
Аялга карата зордук-зомбулук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Кызганычтан кол көтөргөн жигитке кантип турмушка чыгам. Кыздын даты
Жаңылыктар түрмөгү
0