АКШнын эки сенатору Жапаровго кайрылып, аларга маалымат катчы жооп берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Жазылуу
Султанбаев редакциянын сайтын эки айга жабууга мыйзамдуу негиз болгон деп эсептейт.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев АКШнын эки сенаторунун Садыр Жапаровго кайрылуусу боюнча комментарий берди.
"АКШнын эки сенатору жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу "Азаттык медиа" айланасындагы кырдаалга байланыштуу президентке кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет", — деп жазды Султанбаев.
Ошондой эле ал "Азаттык медианын" ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 14-17-сентябрда Баткендеги окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салды.
"Бул чечимди кабыл алганга чейин министрлик "Азаттык медиа" редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши мыйзамдарга ылайык токтотулган. Башкача айтканда, бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон. Кыргызстан — көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө", — деди маалымат катчы.
Соңунда Султанбаев бардыгы үчүн жалгыз талап иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо экенин баса белгиледи.
Эске салсак, 26-октябрда Маданият министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айга чектөө чечимин кабыл алган. Мындай чара кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрдагы окуялар боюнча "өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материалдарга жооп кайтаруу үчүн кабыл алынды" деп айтылган.
Андан көп өтпөй, 3-ноябрда, "Демир банк" "Азаттыктын" эсептеринин ишин токтоткон. Банктан бул кадамдар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык жасалганын айтышкан.
Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жогорку Кеңеш "Азаттыктын" журналисттеринин аккредитациясын токтотту
Жаңылыктар түрмөгү
0