Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Министрлик "Азаттык Медиа" сайтын эки айга жаап, себебин түшүндүрдү

© AP Photo / KRUMPHANZL MICHAL"Радио Азаттык" студиясы. Архив
Радио Азаттык студиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Маалымат ресурсунун ишинин убактылуу токтотулушуна Тажикстан тарап кол салгандан кийин кыргыз-тажик чек арасында жаралган кырдаал боюнча даярдалган материалдын себеп болгону айтылды.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген жалган материалдарга байланыштуу "Азаттык Медиа" сайтынын иши эки айга токтотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Төмөндө "Азаттык Медиа" боюнча аталган министрликтин тараткан маалыматын толугу менен беребиз:
Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында "Учурдагы убакыт" ресурсунда ("Азаттык Медиасынын" ведомстволук түзүмү) "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA" аттуу видеоматериалы жана эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган.
Буга байланыштуу министрлик 2022-жылдын 17-сентябрында "Азаттык Медиа" мекемесине ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
Бирок бул кайрылууга көңүл кош мамиле жасалып, "Азаттык Медиа" тараптан жооп кайтарылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.
Ошондуктан министрлик "Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 2022-жылдын 24-октябрындагы № 12-3/6873 (талап кылынгандан кийин 24 сааттын ичинде) көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын "Азаттык Медиа" мекемесине жөнөткөн.
Министрликтин катына жооп катары "Азаттык Медиа" мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.
Жогоруда айтылгандардын негизинде министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде 204-токтому менен бекитилген "Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин" жетекчиликке алып, министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды.
Мындан эки жумадай мурда "Азаттык" радиосунун Бишкектеги имаратынын алдында митинг болуп, топтолгондор "Азаттык" радиосун, аны менен катар эле Kloop жана Kaktus сайттарын жабууну талап кылышкан.
Ал жерге келгендер редакциялардын окуяларды чагылдырышына нааразы экендигин билдиришкен.
Журналист Болот Темиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Сот журналист Болот Темировду эки иш боюнча актады
Жаңылыктар түрмөгү
0