Жогорку Кеңеш "Азаттыктын" журналисттеринин аккредитациясын токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйынында журналисттер. Архив
Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Журналисттердин парламенттеги каттоосун чектөө Маданият министрлигинин октябрдагы чечимине байланыштуу экени белгилүү болду.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Азаттыктын" ("Азаттык/Эркин Европа" радиосунун кыргыз кызматы) журналисттеринин аккредитациясын 17-ноябрдан тарта убактылуу токтотту. Маалыматты парламенттин басма сөз кызматы тастыктады.
Бул кадам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аталган ЖМКнын сайтын эки айга чектеп туруу чечимине байланыштуу экени айтылды. Аккредитацияны алып коюу сайтты чектөө мөөнөтү бүткөнгө чейин болору маалымдалды.
Буга чейин КТРКнын "Биринчи радиосу" менен НТС "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн трансляция кылууну токтоткон эле.
Эске салсак, 26-октябрда Маданият министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айга чектөө чечимин кабыл алган. Мындай чара кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрдагы окуялар боюнча "өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материалдарга жооп кайтаруу үчүн кабыл алынды" деп айтылган.
Андан көп өтпөй, 3-ноябрда "Демир банк" "Азаттыктын" эсептеринин ишин токтоткон. Банктан бул кадамдар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык жасалганын айтышкан.
Журналист Болот Темиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Сот журналист Болот Темировду эки иш боюнча актады
:
Жаңылыктар түрмөгү
0