Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украиналык аткаминерлер түшкөн тик учактын кулашы: уюштурулганбы же кырсыкпы?

© AFP / SERGEI SUPINSKYКиевге жакын жердеги бала бакчанын жанында тик учак кулады
Киевге жакын жердеги бала бакчанын жанында тик учак кулады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Жазылуу
Украинада Батыштын миллиарддаган аскердик жардамы жана ал жактан келген куралдар сатылган көмүскө рынокту көзөмөлгө алуу үчүн "мекемелер аралык" күрөш күчөйт өңдөнөт.
Киевде ички иштер министри бараткан тик учактын кулашы бир топ күдүк ойлорду жаратып, бүйүр кызытып, анан да өлкө ичинде кландык "териштирмейлерди" улантат окшоп калды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул окуядан кийинки жагдайды ушундайча боолголойт. Бул ирет ал жакындагы авиакырсык туурасында кеп кылат.
Киевдин четине 18-январда Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматына таандык "Еврокоптер Супер Пума" тик учагы кулап, 18 кишинин өмүрүн алган. Мындан улам өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланган.
Тик учактын бортунда ички иштер министри Денис Монастырский, анын орун басары Евгений Енин, мамлекеттик катчы Юрий Лубкович жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер болгон. Тик учак кулаган жердеги катуу жарылуудан бала бакча имараты, бир турак үй кыйрап, үч бала набыт болгон. Жалпы 29 киши, анын ичинде 15 бала жабыркап ооруканага жаткырылган.
"Бир катар себептерден" улам бул авиакырсыкты Украинанын Коопсуздук кызматы иликтөөдө. Министрликтин жетекчилиги тик учак "кан күйгөн жерге" бараткан. Киевдегилердин көпчүлүгү "Супер Пуманын" кулашы кырсык эмес, "пландалган кол салуу" – бортунда жардыруу болгон" деген пикирде. Кырсыкка күбө болгондор адегенде тик учак жалындап, абада эле бөлүнүп кеткенин айтышат.
ИИМ Украинанын Чек ара кызматына баш ийип, министр Денис Монастырский "Зеленскийдин командасындагы" кишилердин бири эле. Күч органдарынын жетекчисинин көзүн тазалоо президентке кандайдыр бир белги катары да болушу мүмкүн.
Монастырскийдин жана Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматын курал менен камсыздоо боюнча Батыштагы демөөрчүлөргө түз чыгып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген анын орун басары Ениндин өлүмүнөн кийин байланышты баштан-аяк кайрадан түзүү абзел. Өлкө бийлигинде "масштабдуу кадрдык өзгөртүүлөр күтүлүп, кызматтан алуулар болору" болжонууда.
18-январдагы авиакырсыкты Украинанын Ички иштер министрлиги, Коопсуздук кызматы жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн ортосунда таасир (акча) үчүн мекемелер аралык күрөштүн күчөшү катары каралат.
"Зеленскийдин командасын" ага жакын күч кызматкерлеринен тазалоо аракети, ошол эле учурда саясий салмагы оорлоп бараткан Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын таасирин чабалдатуу үчүн ага каршы чагым сымал кабылдоого да болот. Соңку убакта украиналык президент менен түздөн-түз Пентагон жетектеген Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын тиреши өтө ачык байкалууда.
Киевдик булактар өлкөдө "кландардын жаңы таасир талашы" тууралуу маалымдашат. Монастырский Зеленскийдин чечими менен "саясий жазаланган болушу ыктымал" деген версия да көңүл бурдурбай койбойт. Алардын айтымында, ал Валерий Залужный тарапка ыктап кеткени үчүн өч алуу имиш. Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысын Батыштагылардын көпчүлүгү Украинанын кийинки президенти катары көрүшөрү белгилүү.
Батыштан келген куралды көмүскө сатууга аталган мамлекеттин Коргоо министрлиги жана Коопсуздук кызматынын үлкөндөрүнүн катышы бар деген версия да жок эмес. Ал "процесс" Чалгындоо кызматынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнөрүн белгилешет. Украинанын ИИМ жетекчилиги да бул шыбагадан үмүт этип, "жолго салынып калган бизнеске" жолтоо болсо керек деген да пикирлер бар.
Challenger 2 танкынын жанында жоокерлер.Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага ташталган "темир-тезек": эскилиги жеткен НАТОлук курал... Сереп
Мурдараак ички иштер министри Денис Монастырский "гуманитардык жардамдын" уурдалышы боюнча 250дөй иш иликтенип жатканын билдирген. Ал ушул үчүн "четтетилди" деген ойлор да жаңырды. Байкоочулар ИИМ жетекчилигин жазалоо чечимине президенттин кеңсесинин бул иште "үлүшү" бар жетекчиси Андрей Ермактын да тиешеси болгонун айтышат.
Батыштагылар мурда Киевге жеткирилген куралдар "бүдөмүк" колдонулуп, алардын жалпы көлөмүнүн 10-30 пайызы боюнча гана маалымат алууга болорун белгилешер эле. Пентагон өз адистеринин күчү менен Украинада кандайдыр бир көзөмөл тутумун уюштурууга тырышкан. Бирок согуштук аракеттер шартында ар бир куралдын аркасынан көз салууга дээрлик (технологиялык жактан) мүмкүн болбой калган.
Курал сатуу дале күчүндө, көмүскө рынок аркылуу көчмө зениттик жана танкага каршы ракеталык комплекстер, дрон, автоматтар дүйнөнүн булуң-бурчуна тароодо. Алар террорчу, улутчул, жихадчылардын колуна тийип жатат. Киевдик режим көзөмөлдү катаалдатууга кызыкдар эмес, себеби алардын оюнда "согуш баарын кечип коет" эмеспи.
Тик учактын кулашы диверсия деген версия ИИМдин мурдагы башчысы Арсен Аваковдун аброюна да көлөкө түшүрөт. Ал 2021-жылы июль айында отставкага кетип, Денис Монастырскийге орун бошотуп берген. Эске салсак, "Еврокоптер Супер Пума" тик учактары Аваковдун өтүнүчү менен франциялык Airbus Helicopters компаниясынан сатып алынган. Мурда пайдаланылган бул аба транспортторун сатып алуудан Польша менен Норвегия баш тартканы белгилүү болчу.
Аваков Жогорку Радада өз таасирин жогото элек. Ички иштер министрлигине кайра барышы да ажеп эмес. 2022-жылдын март айында Чалгындоо башкармалыгынын абройлуу тыңчысы жана сүйлөшүү тобунун мүчөсү Денис Киреевдин атып өлтүрүлүшү Украинада күч органдарында мажбурлап көндүрүү жана опузалоо, ал түгүл оппонент жана атаандаштарын жок кылуу ыкмаларынан кабарлап турат.
The Wall Street Journal басылмасы аскердик чалгындоо кызматкеринин Украина Коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан уурдалып, желкесине атып өлтүрүлүшү туурасындагы окуя боюнча кеңири баяндап жазды.
Ошол эле убакта Украинанын Чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Будановдун айтымында, тыңчы Киреев 2022-жылдын 23-февралында Гостомелдеги өзгөчө маанидеги аэродромдо россиялык атайын аскердик операциясынын башталыш сааты жөнүндө кабарлап, "Киевди коргоп калууга" чоң көмөкчү болгон.
The Wall Street Journal басылмасынын макаласы өз баатырларын да сотсуз эле өлүм жазасына тарткан украиналык атайын кызматтардын айыбын ачыктайт. Бирок андан алардын ойлонуп да койбой турганы маалым эмеспи.
Эгер 18-январда ИИМ жетекчилигин ташып бараткан тик учакты "өздөрү" жардырышкан (атып түшүрүшкөн) болсо, Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү окуянын чоо-жайын, иликтөөнүн нагыз жыйынтыгын коомчулукка жарыялабай турганы айдан ачык. "Супер Пуманын" техникалык мүчүлүштүгү жөнүндө бүтүм чыгарылышы ыктымал. Жагдай ушундай тейде улана берсе президент Зеленскийдин тик учагы (автомобили) да "бузук" болчу деп корутунду чыгарып калышабы деген ойлорго аргасыз чулганасың...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык экс-чалгынчы: АКШ Киевдин бийлигин алмаштырууну көздөп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0