Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинага ташталган "темир-тезек": эскилиги жеткен НАТОлук курал... Сереп

© AFP / ADRIAN DENNISChallenger 2 танкынын жанында жоокерлер.Архив
Challenger 2 танкынын жанында жоокерлер.Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Жазылуу
Батыш өлкөлөрүнүн курал арсеналы түгөнүп баратканын, НАТОнун 73 жылдык тарыхында бир дагы жеңиштин болбогонун эске алсак, Россия менен прокси-согушта деле альянс жеңип чыгууга үмүт арта албайт.
Буга чейин ашыра макталып, мыктылыгы жар салынган Батыштын технологиялары, артиллериялык жана зениттик тутумдар, ок өткөрбөс транспортер жана танк, стратегия жана тактикасы туурасындагы уламыштар украиналык согуштук аракеттер театрындагы катаал чындыкка туруштук бере албай келерин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар да автор түндүк атлантикалык блоктун Украинага көрсөткөн аскердик көмөгүнүн "өзгөчөлүктөрүнөн" кеп салат.
Жамааттык Батыш улам кылчактаганы менен Россияны жеңүү үчүн киевдик режимге керектүү ок өткөрбөс оор техникасын дале санап келет. Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 16-январда Украинага убада кылынган "маанилүү аскердик жардам топтому" тууралуу билдирди. Анда Challenger 2 танктары, өзү жүрүүчү as90 артиллериялык түзүлүштөрү, жүздөгөн ок өткөрбөс техника, 100 миң артиллериялык снаряд, ошондой эле төрт Apache сокку уруучу тик учагы камтылат.
Лондондогулар 14 танкты жөнөтүү "маанилүү жана Улуу Британиянын лидерлигин айгинелейт" деген ойдо. Бирок "Украинанын жеңиши үчүн 300дөн ашуун танк жана 500дөн көп пехота машинасы зарыл". Албетте, "Украинанын батышына гана жайгаштырууга багытталган" Apache тик учактары жана танкка каршы коргонуучу Hellfire ракеталары атайын аскердик операция зонасындагы абалга эч кандай таасирин тийгизе да, британиялык аскер өнөр жай комплексинин күчүн арттырып жибере да албайт.
Британ армиясында эки жүздөй Challenger 2, бундесвер менен польшалык күчтөрдө – 500гө жетпеген Leopard 2 (13 европалык өлкөдө мындай танктардын саны эки миңдин гана тегерегинде) танкы бар. Батыш талдоочуларынын маалыматы боюнча, Россия негизги согуштук танктардын саны боюнча алдыңкы сапта (12 миңден ашуун), андан кийинки орундагы АКШнын 7000 бирдиги бар.
"Уралвагонзаводдун" уникалдуу өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн эске албаганда да украиналык согуштук аракеттер театрында Россия менен ок өткөрбөс танк тиреши НАТО өлкөлөрүнүн үмүтүн жалп өчүрөт.
Атайын аскердик операция башталгандан бери россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн 2000ден ашуун танкын жана башка ок өткөрбөс техникасынын 5500 бирдигин, 3840 артиллериялык куралын жарактан чыгарды. Жок кылынган куралдардын арасында Батыш тарабынан мурда берилген 4000 ок өткөрбөс техника жана гаубица бар. Мындай статистика АКШ менен НАТОнун курал менен камсыздоосу эч кандай натыйжа бере албастыгын, РФ күчтөрү атайын аскердик операция зонасындагы батыш аскердик техникасынын баарын жок кыларын тастыктайт. Ал эми советтик куралдарга көнүп калган украиналык аскерлердин НАТОлук оор куралдарды колдонушу үчүн башкача даярдык, тактика жана материалдык-техникалык камсыздоо керектигин айтпай эле коёлу.
Британиялык Guardian басылмасынын пикиринде контрчабуул үчүн Украинага 100дөн кем эмес НАТОлук танк зарыл. Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный жалгыз Мелитополдогу чабуулдук операциясы үчүн эле Батыштан 300 танк жана 700 пехота унаасын сураганы маалым. Bloomberg агенттиги Киев он ай ичинде Батыштан 410 советтик танкын, төрт миңден ашуун ок өткөрбөс техника (эбак жок кылынган) алганын санап чыкты. Баары текке кеткен.
АКШнын Украинага аскерий жардамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинанын Крымга сокку урушу үчүн курал берүүнү караштырып жатат
Согуштук аракеттердин жыйынтыгы айдан ачык, ошондуктан Украина Куралдуу күчтөрүнө берилген куралдын санынан дегеле көз каранды эмес. Батыштагылар атайын аскердик операция зонасындагы НАТОлук танктарды Россия сөзсүз жок кыларын билишет. Мындай шартта "Челленжер" менен "Леопарддардын" эл аралык аброюна (маркетингдик мифологиясына) доо кетип, рыноктогу сатыктын көлөмү төмөндөйт. Military Watch басылмасы Challenger 2 техникасынын кыймылын сынга алып, британиялык жана германиялык 70 тонналык танктар Донбасска жетпей каларын жоромолдойт.
Жогоруда айтылган жардам топтомдору азырынча бериле элек, тагыраак келечектин иши. Ушул тапта Украина Куралдуу күчтөрүнүн колунда эмне бар? АКШ администрациясы январь айынан тарта Украинага 3 млрд. долларга бааланган жардамдын 29-топтомун бекитти. Анын тизмесинде танкка каршы 500 TOW ракетасы менен 50 Bradley пехота машинасы, 100 M113 ок өткөрбөс транспортер, 155 мм калибрдеги 18 өзү жүрүүчү гаубица (аларга 70 миң дүрмөт), 105 мм калибрдеги 36 сүйрөтүлүүчү гаубица (аларга 95 миң дүрмөт) бар.
Эскилиги жеткен ушул куралдардын баарын (Bradley пехоталык унаасы 40 жылдан бери, M113 БТР 1960-жылдан тарта колдонулат) Украина Куралдуу күчтөрүнө Пентагондун запасынан берилүүдө. Америкалык ок өткөрбөс техниканын саны жана сапаты "тактикалык артыкчылыкты" камсыздай албайт, анткени аларды оңдоп-түзөө же заманга бапташтыруу зарыл.
Кошмо Штаттардын европалык союздаштары да ушундай жолго барышууда.
Натыйжада НАТОго мүчө өлкөлөр жапырт украиналык согуштук аракеттер театрына эски темир-тезекти таштоодо. Алар ок атмак тургай, машыгууларга да ылайык эмес.
Түндүк атлантикалык альянс болочоктун согуштук жаңжалдарына камынууда. Батыштын талдоочулары "постукраиналык келечекке" чындап тынчсызданып жатышат. Breaking Defense басылмасы: "Бир нече жылдан бери контртеррордук операциялар менен алектенип келген альянс кайрадан толугу менен Россияга басым жасап", "эч тартынбастан Украинадагы заманбап согуштук аракеттерде тактикалык жана технологиялык сабактарды алууда", — деп жазды.
Улуу Британиядагы жогорку даражадагы аскер жетекчилеринин бири ыкчам анализдин жүрүшүндө өз мамлекетинин армиясы өзүн "оңтойсуз сезгенин" билдирди. Украина Куралдуу күчтөрүн техника менен камсыздоодо Лондон кыйла берешен болгону менен өзүнүн, британ армиясы жаңы куралдарды сатып алууда кыйынчылык тартууда.
Ок өткөрбөс Ajax чалгындоочу унааларын иштеп чыгып жана өндүрүү программасына 10 жыл аралыгында 4 млрд. фунт стерлинг (4,9 млрд. доллар) сарпталган. Анткен менен мындай үлгүдөгү 589 машина дале келишим түрүндө.
Батыштын көйгөйүнүн төркүнү мында: АКШ менен НАТОнун Россияны жеңүү үчүн эффективдүү куралы жок, стратегиялык туңгуюкка кептелген. Атайын аскердик операция зонасындагы "тескелүүчү" эскалация Вашингтон жана анын европалык союздаштарына түз коркунуч туудурат.
Россияга каршы экономикалык санкциялардан майнап чыкпайт. Украиналык согуштук аракеттер театрында жамааттык Батыш кезектеги (Вьетнам, Ирак, Афганистан жана Сириядан соң) геосаясий утулууга дуушар болору айдан ачык.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Америкалык Patriot комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык Patriot комплекстери украиналык күчтөргө көмөкчү боло алабы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0