Келиним менин тиш жуугучум менен унитаз жууйт экен. Кайнененин каты

© Табылды КадырбековКөчөдө бараткан аял. Архивдик сүрөт
Көчөдө бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына келининин кылыгына жүрөгү ооруган кайнене кеңеш сурап кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен чынында эле катаал кайненемин. Тазалыкты жакшы көрөм, талабым күч. Үйдө балдарымдын акчасын да мен кармайм. Бирок келиндеримди, неберелеримди эчтекеден кем кылбай, каалагандай кийинтем. Мындайча айтканда, айрым кайненелердей келинди экинчи орунга коюп, бир нерседен аксатпайм. Эки уулум бар. Жашым 56га келип калды. Үй-бүлөлүк бизнесибиз бар. Эки уулум ошондо иштейт. Экөөнүн үйү жанаша. Анткени улуусуна да кошунанын жер тилкесин сатып берип заңгырата там салдык. Эки үйдө бардык шарт бар.
Келиндерге жамандык каалабайсың. Тың, таза болсо деген тилек. Мойнума алам, туура эмес кылгандарын көрсөм катуу урушам. Кире беришти кайра-кайра жууп туруусун талап кылам. Келиндерим унчукчу эмес. Тилегим ак экенин, эч нерседен кем кылбай карап жатканымды түшүнсө керек дечүмүн. Бирок кичүү келинимдин бир кылыгын көрүп жаман болдум. Анын алдында мен катуу урушуп салгам. Анан унчукпай эле кабагын бүркөп оокатын кылып жүргөн. Байкоосуздан санузелге кире калсам, келиним менин тиш жууган щёткам менен унитаздын ичин жууп жатыптыр. Мени көрүп чочуп щётканы ыргытып жиберди. Мен нес болуп туруп калдым. Анан жиним келип урушсам, ыйлап төркүнүнө кетип калды. Балама да айткан жокмун. Экөөнүн ортосунда ажырашууга чейин чуу чыгып кетпесин деп ойлодум. Анткени балдарым мени сыйлашкандыктан аялдарына катуу тийип коюшу мүмкүн. Келиндеримдин негизи жаман деле кылыгы жок, бирок аларды кызымды урушкандай эле өз кишимдей урушчумун. Демек, буга чейин да ушинтип жүргөн экен да. Ушул кылыгынан кийин мени кандай жаман көрөрүн билдим. Абдан жаман болуп жатам. Мындан көрө айтышканы жеңил тиймек. Баламды ажыраштыргым келбейт, бирок мындай келин менен кантип жашайм? Карыганда кантем?
Кучакташып турган эркек менен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Кыялымдагы аялды издей берем. Бүлөлүү эркектин каты
Психолог Сажира Абдыкаимова:
Саламатсызбы! Сиздин жазганыңызды окуп аябай камкор, бала десе ичкен ашын жерге койгон эне экениңизди түшүндүм. Керек болсо бүт өмүрүңүздү садака чапкан эне катары билдим. Ооба, албетте сиздин үй-бүлөдө койгон талаптарыңыз туура. Ар бир адам тазалыкта, жаркыраган үйдө, барчылыкта жашоосу абзел. Ошол эле учурда жашоо боюнча ой жүгүртүп көрбөйлүбү. Келиңиз, балдардын арасында сиз канчанчы орундасыз. Жолдошуңуз жокпу? 56 жашта болсоңуз эмне менен алектенесиз?
Негизи келин балаңыз менен бетме-бет отуруп сүйлөшүү керек. Сиз эмнени каалайсыз, эмне жагат, эмне жакпайт, адам баласында бир сапат бар "өзүнүн туура эмес кылганын өзү гана билбесе, башка бирөө такыр көргөзө албайт". Бул нерсе сиздин жашоого тиешеси барбы? Эгер сиз үйдүн тазалыгын, балдардын жакшы жашоосунан башка бир нерсе менен алектенсеңиз кандай болот? Дептер алып сиз мыкты жасай алган иштердин топтомун жазып чыгыңыз. Колуңуздан көп нерсе келсе керек. Ошолордун ичинен сизге жаккан бир иш болушу керек. Ошол тармакка басым жасап, алаксыңыз. Себеби өзүңүздү реализациялашыңыз керек. Бизде 56 жаштагы энелер “болду эми, өзүмдү балдарыма, неберелериме арнашым керек” деп ойлонот. Тескерисинче, бул куракта адам баарынан колу бошоп, өзүнө убакыт бөлүүгө мезгил жетет. Сиздин келиндериңиз да жүрүм-туруму аркылуу ошону айткысы келип жатат. Бул окуяга жаман же жакшы деп баа берүү туура эмес. “Карыганда эмне кылам” деп да сарсанаа болбоңуз. Мага да ушундай мамиле кылат деген шектенүүдөн алыстаңыз. Болгону келиндериңиз менен эмне жагарын жана жакпасын бетме-бет отуруп “мен” позициясында сүйлөшүү аркылуу түшүндүрүңүз. Антпесе ортодо түшүнбөстүк күчөй берет. Бул келинди абдан уялта турган эле окуя экен. Уул-келиниңизге “сенин жасаган ишиңди көрүп абдан капа болдум. Жүрөгүм ооруду. Чын эле ушундай мамилеге татыктуумунбу” деп айтышыңыз керек. Сизде азыр ал-күч бар, ошол себептен башка тармакта өзүңүздү сынап, баарына жардам беришим керек деген ролдон кетишиңиз керек. Баарыбыз эле өз ордубузда ролубузду мыкты аткарып жатабыз дегенибиз менен келин менен кайнененин ортосунда түшүнбөстүк болот. Бул жерде кайнене өзүн доминант сезип алган да, келиндин үйдө кожойке болуусуна мүмкүнчүлүк бербей жатат.
Эже, жекече өнүгүү менен иштеңиз. Эгер өзүңүздөгү мыкты сапатты аныктай албай жатсаңыз психологго кайрылыңыз.
Көчөдө бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Эл суктанган келбетим, мүнөзүм күйөөмдүн купулуна толбой койду. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0