Панфилов районунун энергетиктерине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмыш иши папкасы. Архивдик сүрөт
Кылмыш иши папкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Башкы прокуратура Панфилов РЭСинен 1 миллион 600 миң сомдун жетишсиздигин аныктаган.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Панфилов районунун электр тармактарына (РЭС) текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Панфилов РЭСинин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 605 миң 749 сомдук материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча кылмыш иши козголду.
"Тергөөнүн жыйынтыгы менен келтирилген материалдык чыгымдын баары толук өндүрүлүп, кылмыш иши райондук сотко жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Кызматкер күн электр станциясында күн батареяларын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Араб компаниясы Кыргызстанда күндөн кубат алган электр станцияларын курмакчы
Жаңылыктар түрмөгү
0