Жоламан UWW версиясында жылдын мыкты балбаны наамына ат салышууда

© Photo / United World WrestlingКыргызстандык балбан, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык балбан, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Жазылуу
Балбан бул жылы дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам тилектештик оюндарын утуп, эл аралык мелдештерден да медалсыз келген жок.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында "Грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.
Аталган наамды алууга дүйнөлүк деңгээлдеги беш балбан көрсөтүлгөн:
Эльданиз Азизли (55 кг) — Азербайжан;
Жоламан Шаршенбеков (60 кг) — Кыргызстан;
Бурхан Акбудак (82 кг) — Түркия;
Риза Каялп (110 кг) — Түркия;
Зураби Датунашвили (74 кг) — Сербия.
2022-жылы Жоламан дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам тилектештик оюндарын утуп, ири эл аралык турнирлерден бир күмүш жана эки коло алды.
Эске сала кетсек, Шаршенбеков 20-декабрда Бишкекте өтө турган "Поддубныйдын күрөш лигасы" турниринин алкагында күрөшөт. Атаандашы Россиянын алдыңкы спортчусу Анвар Аллахьяров болмокчу.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын белгилүү балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Акжол менен Жоламан дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, премия алмай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0