Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жуматаева: 179 миң пенсия алган карыянын төгүмү дагы 40 пенсионерди багат

© Sputnik / Асел АкматСоциалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева. Архив
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева пенсиялык система жакырчылыкты жоюуга эмес, пенсия менен адилеттүү камсыздоого багытталышы шарт деген пикирин билдирди.
Өлкөдө Социалдык фонд менен Социалдык өнүктүрүү министрлигинин милдеттерин алмаштырып түшүнүп алгандар бар. Алар көбүнесе "эмнеге пенсиясы аздарга жыл сайын каражат да аз кошулат" деп нааразы болушат. Келечекте ала турган пенсия адамдын бүгүнкү төгүп жаткан төлөмдөрүнөн түз көз каранды экенин унутпашы керек. Бул тууралуу Гүлнара Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жуматаева: 179 миң пенсия алган карыянын төгүмү дагы 40 пенсионерди багат
Анын айтымында, республикада эң көп пенсия алган карыянын камсыздандыруу бөлүгүнө төккөн суммасы өзүнөн сырткары 40 пенсионерди камсыздап келет.
"Бизде эмнеге көп пенсия алгандарга көп кошулат, аз алгандарга тескерисинче деп нааразы боло беришет. Анткени пенсиялык система бул жакырчылыкты жоюуга багытталган иш эмес. Пенсия бул жарандын өзүнүн учурунда төккөн каражатынан көз каранды. Ошол эле учурда салыктар менен да алмаштырып албоо керек. Ал салыктар мамлекеттин казынасына түшүп, ошол эле колдонуп жаткан инфраструктура жана башка социалдык маселелерге жумшалат, анын үзүрүн жаран учурунда көрөт. Ал эми пенсиянын топтомо бөлүгү, камсыздандыруу бөлүгү деп иштеп турган маалында мыйзам чегинде төгүп турса кийин көп суммадагы пенсияга чыгышына шарт түзөт. Мисалы, Кыргызстанда эң көп пенсияны 70 жаштан ашкан карыя алат. Ал ушул күнгө чейин иштеп турат, пенсиясы 179 миң сом, өзүнөн сырткары анын камсыздандыруу бөлүгүнө төккөн каражаты дагы 40 жаранга пенсия берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, дагы ушунча пенсионер анын эсебинен пенсия алып жатышат. Ал эми эң аз 4000 сом пенсия алган жаран өзүнөн сырткары 0,02 пенсионерди гана камсыздай алат. Андыктан пенсияны жаш кезиңде канчалык мыйзамды сактап, төлөмдөрдү жүргүзүп турсаң кийин үзүрүн көрөсүң деп түшүнүү зарыл", — деди Жуматаева.
Ал ошондой эле учурда иштеп жаткандардын эсебинен пенсия төлөнүп келерин эске алганда менталитеттин өзгөрүшү менен кийинки пенсионерлерде мындай мүмкүнчүлүк болбой каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0