Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Небензя: эпке келе албасак Россия Украинаны аскердик аракет менен токтотот

© Sputnik / Брайан Смит / Медиабанкка өтүүРоссиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Небензя мындай жагдайдан Украинанын карапайым калкы жабыркай турганын, жоопкерчилик Владимир Зеленский жана анын батыштык демөөрчүлөрүнүн мойнунда болорун кошумчалады.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россия Владимир Зеленскийдин режиминин аскердик күчүн алсыратуу үчүн Украинанын аскердик инфраструктурасына сокку урууну улантат. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
"Батыш өлкөлөрү Украинага куралды "канча керек болсо ошончо жөнөтүүнү" убадалап жатат. Муну тынчтык үчүн жасалып жатат дешүүдө. Мисалы, Евробиримдик курал жөнөтүүнү Европа фонду аркылуу каржылоодо, мындай жол менен салык төлөөчүлөрүн адаштыргысы бар сыяктанат", — деген өкүл.
Небензя мынча куралдын эмне кереги бар деген суроого Киевдин өзүнүн жообу бар экенин белгиледи.
"Украинанын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов курал эмне үчүн керектигин жакында ачык эле айтпадыбы, "өлкө катары жок болуп кетиши үчүн орустардын баарын жөн гана талкалаш керек" деди. Ал эми Москва менен сүйлөшүүгө отурууну Данилов мырза "украин элинин кадырына доо кетирчү көрүнүш" деп атады. Биз Киевдин мындай жек көргөн риторикасына кол шилтеп коёбуз деп айта албайм, алардын кастыгына каршы туруп, аскердик инфраструктурасына сокку уруу менен Зеленскийдин режиминин аскердик күчүн алсыратабыз", — деди Небензя.
Мындан тышкары, ал жыйында сөз сүйлөп жатып эгерде Украинанын тап берүүсүн тынчтык жолу менен чечүүгө болбосо, Россия муну согуш жолу менен чечерине токтолду.
"Киев режиминин ээлигүүсүн токтотуп, биз анын саясаты менен акыркы кездеги кадамдары ал табиятынан кылмышкер, адамзатты жек көргөндүгүнөн кабар берип келгенин да эске алабыз. Батыш өлкөлөрү сегиз жыл ичинде Украинада орустарга каршы "монстрларды" даярдашты, алар Донбасста өз элинин өмүрүн кыярына, анын кесепетине көз жумуп коюшту. Кайсы бир күнү Россияга душман болуп кыр көрсөтүп, АКШ менен НАТОнун Россияга каршы геосаясий согушта колдонулат деген эсеп менен Киев режиминин көп кылыгы көз жаздымда калып келген. Ошондуктан Киев аша чаап жатат, бирок бул бизди токтото албайт, аскердик операциянын бардык максаты аткарылат. Эгерде биз Украина менен ынтымактуу коңшу өлкө катары сүйлөшө албасак, ал тараптан Россияга тап берүүнү токтото албасак, бул максатка согуш жолу менен жетебиз ", — деди ал.
Ошондой эле Небензя мындай жагдайдан Украинанын карапайым калкы жабыркай турганын, бирок жоопкерчилик Владимир Зеленский жана анын батыштык демөөрчүлөрүнүн мойнунда болорун кошумчалады.
Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын инфраструктурасына сокку урууну 10-октябрда, тактап айтканда, Крымдагы көпүрө жардырылгандан кийин баштаган. Россиялык бийликтин айтымында, бул терактынын артында украиналык атайын кызмат турат. Сокку энергетика, коргонуу өнөр жайлары, аскердик жана байланыш түзүмдөрү боюнча объектилерге жасалууда.
Ситуация в Луганской народной республике - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык туткундар Киевдин аскерлерди даярдоосу начар экенин айтып беришти
Жаңылыктар түрмөгү
0