Миңден ашуун адам Курултайда эмнени талкуулады? Урунттуу учурлардын топтому

Элдик курултай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
Эки күнгө созулган Элдик курултай аяктады. Ал мамлекеттик деңгээлде алгачкы жолу уюштурулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан, чет өлкөдөгү мигранттардан 1 072 делегат катышты.
Жыйын эртең менен саат 10:00дө башталып, 18:00гө чейин созулуп жатты.
Биринчи күнүндө жетекчилик курамына 20 адамдан турган Аксакалдар кеңеши бекитилди. Андан соң курултайга төрага кылып Кадыр Кошалиевди шайлашты.
Башында мамлекетте жасалып жаткан иштер жана келечек пландар тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчы кайрылуу жасады. Баса, алар да эки күн бою аягына чейин катышты.
Анан делегаттар кезеги менен трибунага чыгып, түрдүү көйгөйлөрүн, сунуштарын айтышты. Бийликти мактагандар да, сындагандар да болду. Мунун баарын Жогорку Соттун төрагасы, башкы прокурор, ЖК депутаттары, министрлер угуп отурушту.
Алгачкы күнү 63 делегат чыгып сүйлөгөн, экинчи күнү канчасына сөз берилгени айтылган жок.
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Президент Садыр Жапаров

Бийлик башчылары элди эмнеге үндөдү?

Президент Садыр Жапаров өлкөдө коррупциянын тамыры кенен жайылганын белгилеп, канча күрөшсө да арыла албай жатканын айтты. Мындан улам элди жемкорлорду жектөөгө чакырды. Жоопкерчиликтен качпай чек араларды тактоого киришкенин, Тажикстан менен да алдын ала макулдашууга жетишип калганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек араны ажаан аялдар менен тажаал эркектер эмес, адистер гана чече турганын белгиледи. Мындан сырткары, салык төлөбөсө эч ким тынч уктабай турганын эскертип, ажал кудайдан, салык өкмөттөн болорун кошумчалады.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргыз тилинде сүйлөөгө талапты күчөтүп, жер-суулардын, биринчи кезекте Бишкектин төрт районунун аталышын кыргызчалоону сунуштады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев

Президенттик башкаруу болбойт экен

Кара-Суу районунан келген делегат, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева президенттик-парламенттик башкарууга кайтууну сунуштады. Анын пикиринде, тактыга ким келбесин баары бир ажыдаарга айланып кетет экен.
Аягында президент ага жооп берип, андай үч баштуу бийлик болгонун, бири-бирине шылтап жоопкерчиликти албай келгенин айтты. Парламент өзүнчө ажыдаар болуп, президент уурдап, премьер-министрге шылтап отура берерин билдирди. Жапаров эл президенттик башкаруунун жемишин беш-алты жылда көрөрүнө ишендирди.

200 миллион доллар кайда?

Конок катары чакырылган Сапарбек Аргынбаев Алексей Ширшов президентке Максим Бакиевдин 200 миллион долларын кайтарып берүүнү убадалаганын эскертип, акча эмне болгонун сурады.
Жапаров Ширшовдон керектүү маалыматтарды алып кайра кетиргенин, ал каражатты өндүрүүгө 10 жылдай убакыт талап кылынарын айтты.

Армиядагы өлүм, бүтпөгөн мектептер

Бир катар делегаттар кызмат өтөп жатып өмүрү кыйылган жоокерлер тууралуу кеп козгоп, көйгөйдү чечүүнү суранышты. Мамлекет башчы мындан ары "дедовщинадан" бир аскердин мурду канаса, анын командири камаларын убадалады.
Жолдорду оңдоо, мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекси жана оорукана куруу көйгөйүн көтөргөндөр көп болду. Президент учурда өлкөдө эскилиги жеткен 200 мектеп бар экенин, үч жылда баары жаңыланарын айтты. Башка дагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү көңүл чордонунда турганын белгиледи.
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Элдик курултайы

Оң рулдуу унааларды алып келүү сунушу колдоо тапкан жок

Жаштар оң рулдуу автоунааларды өлкөгө киргизүүгө уруксат берүүнү суранды. Себеби эски эле транспорттордун баасы асман чапчып жатат.
Жапаров жол кырсыктарынын 70-80 пайызы ушундай унаалардын айынан болуп жатканын айтып, жаңы машинадан да адам өмүрү кымбат турарын белгиледи.

Баткендеги кырдаал, жашыган делегаттар

Курал алууга уруксат кагаздарын берүүнү тездеткиле, үйүбүздү коргойлу! Мындай пикирин баткендик делегат Жалил Каработоев билдирди. Ошондой эле ал жаңжал маалында ар дайым жардамга кол сунган мекендештерге ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш тегеренди. Аны көрүп залдагылар да жашып, ордунан туруп кол чабышты.
Мамлекет башчы чет өлкөгө чыкканда бир президент "ушундай элиң бар экен, эч ким аларды жеңе албайт" деп суктанганын айтып берди.
Ал эми Баткенде талкаланган 600дөн ашык үйдүн 100дөйү жакында бүтөрүн, калганынын курулушу дагы эки айга созулуп кетерин моюндады.
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Президент Садыр Жапаров

Мигранттардын көйгөйү, берилген убадалар

Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардын атынан 28 делегат келди. Толкунбек Ахматов Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат өз элине каршы укук коргоо органдарына арызданганын айтып, кызматтан кетирүүнү сунуштады.
Чынара Өмүрзакова өспүрүм уул-кыздарды ата-энеси же бир туугандары жок жалгыз Россияга жөнөтпөөнү суранды. Анын айтымында, жаштар ар кандай иштерге азгырылып оор тагдырга кептелүүдө. Баңгизат менен кармалгандар көбөйгөнүн мисал келтирди.
Садыр Жапаров Россиянын абактарында отурган 900 мекендеш Кыргызстанга алып келинерин билдирди. Бул боюнча башкы прокурор жыл башынан бери иштеп жатат деди.

Президенттен башкасы иштебей жатат, эл бузарлар

Ноокат районунан келген Нурсуналы Ажыкулов министрлер шалаакы болуп жатат деп сындады. "Бул жерде бири-бириңиздер менен күлүп, мыскылдап отурасыңар, президент жазып жатат. Бириң да элди ойлогон жоксуңар" деп нааразы болду.
Дагы бир делегат Cонунбү Кадырова президенттен ЖМКларга "жакшы нерселерди гана жаз" деп тапшырма беришин суранды. Ал жарандар нааразы болушса да жакшы сөз менен айтып, жаман сөз сүйлөгөндөргө айып пул салыш керек деп эсептейт.
Аламүдүн районунан келген Сыргак Жолдошбеков өлкөдө стабилдүүлүк болбой калганын айтып, президенттен батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарды өз көзөмөлүнө алышын өтүндү. "Сен Садырдын адамысың", "дакансасың", "дүжүрсүң", "пахтакорсуң" деп чучукка жете турган сөздөрдү айтышат. Аларды өлкөнүн кызыкчылыгы бир тыйындай керек эмес" деди делегат.
"Улуу урматтуу президент мырза!" деп сөз баштаган делегат өзбек улутундагы элдин атынан Оштон келген. Ал ажого сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды.
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Президент Садыр Жапаров
Аягында Садыр Жапаров Элдик курултай эч качан парламенттин укуктарын тартып албаарын, ушинтип эле көйгөйлөрүн айтып кетишерин, депутаттарга курултай мыйзамын кабыл алуу зарылчылыгын белгиледи.
Ал эми делегаттар резолюция кабыл алып, бийлик органдарына сунуштама беришти. Анда Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүгө, мамлекеттик түзүлүш системасын жакшыртууга, адам укугуна артыкчылык берүүгө багытталган жоболор бөлүгүн бышыктоого көңүл буруу жазылган.
Мамлекет башчы эки күн бою көтөрүлгөн маселелердин баары кийинки курултайга чейин чечиле турганын убадалады.
Бишкектеги филармонияда биринчи Улуттук Курултайдын делегаттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Элдик курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0