Элдик курултай бүтүп резолюция кабыл алынды. Бийликке эмнелер сунушталды?

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Биринчи Элдик курултай. Архивдик сүрөт
 Биринчи Элдик курултай. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
Курултайдын чечими тиешелүү органдарга сунуштама катары жиберилет.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Биринчи Элдик курултай аяктап, делегаттар резолюция кабыл алды.
Анда президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана министрлер кабинетинин төрагасынын баяндамалары жактырылды.
Ал эми бийлик органдарына бир катар сунуштамалар берилди. Төмөндө негизги бөлүктөрү тизмектелди.
Жогорку Кеңешке:
2023-жылдын майына чейин Элдик курултайдын ишин жол-жоболоштурган мыйзамды кабыл алып берүү;
мыйзам долбоорлорун кабыл алууда улуттук иденттүүлүктүн талаптарына туура келген, коомдун кызыкчылыгы жогору экендигин тастыктаган, адептик ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, өлкөдө жашаган башка этностордун маданий дөөлөттөрүн жана баалуулуктарын чагылдырган иш тажрыйбаны бекем сактоо.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБиринчи Элдик курултайдын делегаттары
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Биринчи Элдик курултайдын делегаттары
Министрлер кабинеттерине:
чек араны тез арада делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү;
делегаттар сунуштаган социалдык объектилердин курулуш иштерин баштоо;
административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу, башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана аймактардын комплекстүү өнүгүүсүн кеңейтүү иш-чараларын иштеп чыгуу;
иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү;
жогорку кесипкөй педагогдорду даярдоо үчүн шарттарды түзүү механизмдерин өркүндөтүү;
жаштарды мекенчилдикке, Ата журтун сүйүүгө, ар-намыстуулукка, ыймандуулукка, улуттук наркты терең үйрөнүп билүүгө жана аны сактоого тарбиялоо, жол көрсөтүү багытында илимий негиздерге таянып, ар тараптуу иштелип чыккан программаны кабыл алуу;
2040-жылга чейинки демографиялык саясат концепциясын иштеп чыгуу;
электр энергиянын ички керектелиши жылдан жылга өсүп жаткандыктан энергия иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды куруу. Жаңы альтернативдик энергия булактарын пайдалануу;
тоо-кен иштерин ачык-айкын жүргүзүүгө өбөлгө түзүү жана өнөр жайга инвестиция тартуу;
Кытай тарап менен биргеликте экспортту өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу;
КР жарандарын тиешелүү жер тилкелери менен камсыз кылуу үчүн атайын комплекстүү иштерди жүргүзүү.
Жогорку Сотко жана башкы прокуратурага сунуштама:
Кыргыз жарандарынын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;
шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу.
Мамлекеттин бийлик бутактары мындан ары өзгөчө Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүгө, мамлекеттик түзүлүш системасын жакшыртууга, адам укугуна артыкчылык берүүгө багытталган жоболор бөлүгүн бышыктоого көңүл бурсун.
Белгилей кетсек, эки күнгө созулган курултайга өлкөнүн булуң-бурчунан келген 1072 делегат катышты.
Первый Народный курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Парламент “монстр” болгон. Садыр Жапаров Жылдызкан Жолдошевага жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0