25-ноябрда Бишкектин кээ бир жеринде суу жок болот. Даректер

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСуу түтүктөрүн оңдоо учурунда. Архив
Суу түтүктөрүн оңдоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Муниципалитет алдын ала суу камдап алууну өтүндү.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мэрия 25-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу токтотуларын эскертти.
"Бишкек суу канал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, ичүүчү суу саат 9:00дөн 18:00гө чейин Панфилов – Түгөлбай ата – Бөкөнбаев – Логвиненко көчөлөрү менен чектешкен аймакта жок болот.
Мындан тышкары, турак үйлөрдө да өчүрүлөт. Алар:
Логвиненко көчөсү, № 8, 8/1, 8/2, 8/3, 10, 12, 14, 14б, 3, 3а, 7, 13а, 13/1, 13;
Бөкөнбаев көчөсү, № 144а, 144, 142, 138, 138/2, 138/2А, 132, 130, 128;
Панфилов көчөсү, № 136, 134, 120;
Чуйков көчөсү, №133, № 113а;
Логвиненко көчөсү, №8, №10 үйлөр.
Суу өчүрүлө турчу уюмдар:
Логвиненко көчөсүндөгү Бишкек медициналык колледжи, Республикалык СПИД борбору;
"Медси" медициналык борбору, "Айыл Банк" кеңсеси, Yusa рестораны, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйү;
Бөкөнбаев көчөсүндөгү Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту, EUROLAB лабораториясы, "Тесто-Место" кафеси;
Кыргыз инженердик изилдөөлөр башкы институту, "Фурусато" кафеси, Turkish airlines авиакомпаниясы, "Медипарк" диагностикалык борбору.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдардан жана элден ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
арында Теңир Тоо өнүктүрүү фонду тарабынан социалдык, инфратүзүмдүк 12 долбоор каржыланып, анын күбөлүктөрүн  облус башчысы Алтынбек Эргешов  тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Нарында таза суу чыгаруу, оорукана оңдоо боюнча 12 долбоор каржыланды
Жаңылыктар түрмөгү
0