00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жуматаева: пенсиялык куракты көтөрүү жалпы калкка тиешелүү эмес

© Sputnik / Асел АкматСоциалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева пенсияга чыгууда минималдык стаж киргизүү жана базалык бөлүгүн баарына бирдей суммада калтыруу сунушталып жатканын айтты.
Пенсияга чыгуу курагын узартуу бир гана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштеген аялдарга жана тоо шартында жашап 45 жаштан пенсияга чыккандарга тиешелүү. Калктын көпчүлүк катмарына 58 (аялдар үчүн) жана 63 (эркектер үчүн) жаш өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жуматаева: пенсиялык куракты көтөрүү жалпы калкка тиешелүү эмес
Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагын узартуу алардын өзүнүн каалоосу менен сунушталууда.
"Пенсия системасында 3-5 жылда катардагы, 10-15 жылда чоң реформалар жүрүп турушу керек. Учурда "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштадык. Ага ылайык, биз, мамлекеттик кызматкерлер, өзүбүздөн баштап пенсияга чыгуу курагын жогорулатып жатабыз. Ал жерде айымдар үчүн үч жылга көтөрүү сунушталган. Бул да алардын өзүнүн суранычы менен болгон. Анткени пенсияга чыкпай дагы эки-үч жыл иштеп турайын деген да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Ошону менен катар эле тоолуу аймакта жашап, үчтөн ашык баласы бар энелер учурда 45 жашынан пенсияга чыгат. Азыр эми адамдын орто жаш курагы узарды, 45 жаш деген жапжаш эле келин. Андыктан муну да жыл сайын алты айдан кошуп отуруп 48ге чыгаралы деп сунуштап жатабыз. Ошондо да тоолуу эмес аймактагы аялдардан 10 жылга эрте пенсияга чыгышат. Башкача айтканда, эгер мыйзам долбоору өтүп калса 2023-жылы январда пенсияга чыга турган аял алты ай кечирээк чыгып калат. Кийинки жылдагылар бир жылга артка жылат. Ушундай таризде жалпысынан алты жылда ишке ашат. Мындан сырткары, минималдык стаж деген түшүнүктү киргизүүнү мерчемдедик. Азыр беш жылдан баштасак, жыл сайын кошулуп отуруп, 15 жылда пенсияга чыгуу үчүн минималдуу 20 жылдык стаж талап кылынып калат. Мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө дээрлик бардык мамлекеттерде бар. Мисалы, Россияда 15 жылдык, Беларуста 20-25, Казакстанда да 20-25 жылдык стаж талап кылынат. Бизде эле бир жылдык стажы болсо да пенсияга курагы жетип калса чыгып алышат да, анан аз акча алып калат. Муну менен катар эле пенсиянын базалык бөлүгүн бардык жарандарга бирдей, 3 170 сом деген суммада бекитүүнү пландап жатабыз", — деди Жуматаева.
Ал жарандар пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө канча көп каражат топтосо жана стажы канчалык жогору болсо, ошончо көп пенсияга чыгарын түшүнүшү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0