00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стоп-кадр
«Алданганмын» фильми кыргыз ырчыларынын көшөгө арт ындагы жашосун канчалык көрсөтүп бере алды?
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
18:08
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖККУ: БУУнун тынчтыкты орнотуу иштерине кошулуу боюнча мүмкүнчүлүктөр талкууланды

© Фото / пресс-служба МВД КРЫсык-Көлдө ЖККУнун биргелешкен машыгуулары. Архив
Ысык-Көлдө ЖККУнун биргелешкен машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Жазылуу
ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо түзүмдөрүнүн башчылары видеоконференция аркылуу жыйын өткөрүп, БУУнун тынчтыкты орнотуу иш-аракеттерине кошулууну талкуулашты.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. ЖККУнун тынчтыкты орнотуу потенциалы боюнча иштерин, анын ичинде БУУнун тынчтыкты орнотуу иш-аракеттерине кошулуу маселелерин аталган уюмга мүчө өлкөлөрүнүн аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Аскердик комитетинин жыйынынын катышуучулары талкуулады. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Жыйын видеоконференция форматында өттү. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчылары, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров жана уюмдун башкы катчысынын орун басары Тахир Хайрулоев катышты. Алар ЖККУ өлкөлөрүнүн аймактарындагы кооптуу жагдайларды талкуулап, ага каршы турууну сүйлөштү.
Сидоров ЖККУнун тынчтыкты орнотуу потенциалын өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштери жөнүндө докладын окуду. Анда ал БУУнун тынчтыкты орнотуу иштерине кошулууну белгилеген. Анын айтымында, БУУнун тынчтыкты орнотуу боюнча иш-аракеттерине уюмдун потенциалын кошуу ЖККУнун жамааттык коопсуздук боюнча 2025-жылга карата коюлган стратегиясынын башкы милдеттеринин бири болуп саналат.
"ЖККУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүн БУУнун тынчтыкты орнотуу операцияларына кошуу процедураларын аягына чыгаруу максатында ага мүчө мамлекеттердин башчылары 2021-жылдын 16-сентябрында ЖККУнун тынчтыкты орнотуу боюнча келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколуна кол коюшкан", – деп билдирди Сидоров.
Талкуунун аягында ЖККУнун Бириккен штабына төмөнкү милдеттер коюлду:
ЖККУга кирген өлкөлөрдүн коргоо түзүмдөрү менен биргеликте ЖККУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүн түзүүгө, даярдоого жана жөнгө салууга полигондордун жана окутуу борборлорунун тизмесин түзүү;
ЖККУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча уюмдун окуу-методикалык базасы болуп саналган Россиянын Жалпы аскердик академиясы менен биргеликте аскердик байкоочуларды, БУУ штабдарынын офицерлерин жана ЖККУнун Жаматтык тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн курамына кире турган офицерлерди окутуу, кабыл алуу боюнча тартип жана шарттары тууралуу документтерди иштеп чыгуу;
Аскердик комитет мындан тышкары эл аралык абада учуулар боюнча тиешелүү келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө сунуштарды даярдоону тапшырды.
Комитеттин кезектеги жыйынын кийинки жылдын биринчи жарымында Беларуста өткөрүү пландалууда.
ЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
ЖККУнун аскердик комитети жаңы коркунучтарга каршы туруу чараларын талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0