БАЭге кирерде эми ПЦР-тест, эмдөө тууралуу күбөлүк талап кылынбайт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүДубай шаарынын аэропортундагы Emirates авиакомпаниясынын учагы. Архив
Дубай шаарынын аэропортундагы Emirates авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Бул мамлекетте бет кап тагынуу режими толугу менен 7-ноябрда жоюлган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. 8-ноябрдан тарта Бириккен Араб Эмирлиги өлкөгө кирүүдөгү айрым чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул чектөөлөр коронавирус пандемиясынан улам киргизилген.
"Кыргызстандыктар эми БАЭге ПЦР-тесттин жыйынтыгын же коронавируска каршы эмдөө тууралуу күбөлүктү көрсөтпөй эле кире алышат", — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмирлигинде бет кап тагынуу режими толугу менен 7-ноябрда жоюлган. Аэропорт БАЭ аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан жүргүнчүлөргө ал мамлекетке кирүү талаптарын тактап алууну өтүндү.
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
"Ош" аэропорту Дубайдан биринчи каттамды тосуп алды
Жаңылыктар түрмөгү
0