"Чабандын кызы" үчүн алтын медаль алган. Семен Чуйковдун архивдик сүрөттөрү

Жазылуу
Быйыл атактуу сүрөтчү Семен Чуйковдун 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттө калган ирмемдерин, эмгектерин сунуштайт.
Семен Чуйков 1902-жылы 30-октябрда азыркы Бишкек шаарында туулган. Орто мектепти Казакстандын Алмата шаарында окуп, Москвадагы Бүткүл союздук техникалык жогорку көркөм сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүн аяктаган. Жогорку билимге ээ болгон соң Москва, Санкт-Петербург шаарларында сабак берип, 31 жашында Кыргызстанга кайтып келген. Эки жылдан соң борбор калаада Сүрөтчүлөр союзу менен сүрөт окуу жайын ачып, кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүнө негиз салган. Башка атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерин алып келип сүрөт музейин уюштурган.
Таланттуу сүрөтчү өзүнүн эмгектери менен эл арасында кеңири таанылып, "Советтик Кыргызстандын кызы", "Чабандын кызы" аттуу чыгармалары үчүн 1958-жылы Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк сүрөт көргөзмөсүндө алтын медалга татыган. Кийин сүрөт өнөрүнө кошкон салымы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү 1980-жылы 18-майда 77 жашында Москвада бул дүйнө менен кош айтышкан.
© Sputnik / Юрий Иванов

Кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүнө негиз салган Семен Чуйков

Кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүнө негиз салган Семен Чуйков - Sputnik Кыргызстан
1/11

Кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүнө негиз салган Семен Чуйков

© Sputnik / РИА Новости

Сүрөтчүнүн атактуу "Советтик Кыргызстандын кызы" эмгеги

Сүрөтчүнүн атактуу "Советтик Кыргызстандын кызы" эмгеги - Sputnik Кыргызстан
2/11

Сүрөтчүнүн атактуу "Советтик Кыргызстандын кызы" эмгеги

© Sputnik / Лев Иванов

СССРдин эл сүрөтчүсү уулдары менен

СССРдин эл сүрөтчүсү уулдары менен - Sputnik Кыргызстан
3/11

СССРдин эл сүрөтчүсү уулдары менен

© Sputnik / Юрий Каплун

Чуйковдун "Токтогул эл арасында" сүрөтүнүн репродукциясы. Ал 1939-1941-жылдар аралыгында тартылган

Чуйковдун "Токтогул эл арасында" сүрөтүнүн репродукциясы. Ал 1939-1941-жылдар аралыгында тартылган - Sputnik Кыргызстан
4/11

Чуйковдун "Токтогул эл арасында" сүрөтүнүн репродукциясы. Ал 1939-1941-жылдар аралыгында тартылган

© Sputnik / Юрий Иванов

Семен Чуйков 1972-жылы "У нас в Киргизии" сүрөттөр цикли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган

Семен Чуйков 1972-жылы "У нас в Киргизии" сүрөттөр цикли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган - Sputnik Кыргызстан
5/11

Семен Чуйков 1972-жылы "У нас в Киргизии" сүрөттөр цикли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган

© Sputnik / Юрий Каплун

Чуйковдун "Таң" сүрөтүнүн репродукциясы. Аталган эмгектин түп нускасы азыр Третьяков галереясында сакталуу

Чуйковдун "Таң" сүрөтүнүн репродукциясы. Аталган эмгектин түп нускасы азыр Третьяков галереясында сакталуу - Sputnik Кыргызстан
6/11

Чуйковдун "Таң" сүрөтүнүн репродукциясы. Аталган эмгектин түп нускасы азыр Третьяков галереясында сакталуу

© Sputnik / Давид Шоломович

Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн башын бириктирип, алардын бирикмесин узак жыл жетектеген

Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн башын бириктирип, алардын бирикмесин узак жыл жетектеген - Sputnik Кыргызстан
7/11

Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн башын бириктирип, алардын бирикмесин узак жыл жетектеген

© Sputnik / Владимир Минкевич

Семен Афанасьевич Чуйков СССР — Индия маданий байланыш коомунун вице-президенти болуп да иштеген. Москва шаары, 1965-жыл.

Семен Афанасьевич Чуйков СССР — Индия маданий байланыш коомунун вице-президенти болуп да иштеген. Москва шаары, 1965-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/11

Семен Афанасьевич Чуйков СССР — Индия маданий байланыш коомунун вице-президенти болуп да иштеген. Москва шаары, 1965-жыл.

© Sputnik / Михаил Озерский

Сүрөтчү кезектеги эмгегинин эскизин кароодо. Чуйков живопись, пейзажды мыкты тарткан.

Сүрөтчү кезектеги эмгегинин эскизин кароодо. Чуйков живопись, пейзажды мыкты тарткан. - Sputnik Кыргызстан
9/11

Сүрөтчү кезектеги эмгегинин эскизин кароодо. Чуйков живопись, пейзажды мыкты тарткан.

© Sputnik / Лев Иванов

Советтик сүрөтчү Юрий Рейнер, ортодо румыниялык Ион Мусчелян жана Семен Чуйков СССРдин сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында. Москва шаары, 1966-жыл.

Советтик сүрөтчү Юрий Рейнер, ортодо румыниялык Ион Мусчелян жана Семен Чуйков СССРдин сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында. Москва шаары, 1966-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/11

Советтик сүрөтчү Юрий Рейнер, ортодо румыниялык Ион Мусчелян жана Семен Чуйков СССРдин сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында. Москва шаары, 1966-жыл.

© Sputnik / Лев Иванов

Залкар талант өмүрүнүн акыркы жылдарын Москва шаарында өткөрүп, ошол жакта 77 жашында кайтыш болгон

Залкар талант өмүрүнүн акыркы жылдарын Москва шаарында өткөрүп, ошол жакта 77 жашында кайтыш болгон - Sputnik Кыргызстан
11/11

Залкар талант өмүрүнүн акыркы жылдарын Москва шаарында өткөрүп, ошол жакта 77 жашында кайтыш болгон

Тема боюнча:
Шакирттеринин курчоосундагы Гапар Айтиев. Ысык-Көлдө тартылган таберик сүрөт
Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси
Жаңылыктар түрмөгү
0