Шакирттеринин курчоосундагы Гапар Айтиев. Ысык-Көлдө тартылган таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Фото / из личного архива Жылдызбека Молдахматова
СССРдин эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гапар Айтиевдин шакирттери менен түшкөн сүрөтү 1976-жылы Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылында тартылган.
Анда солдон оңду көздөй биринчи катарда Нурдамир Коңгурбаев, Бейше Сагындыков, Гапар Айтиев, Өмүрбек Асанов, Владимир Буторин, Арстанбек Исланов отурса, экинчи катарда Аман Асранкулов, Жылдызбек Молдахматов, Шаршен Сульпиев, Карабек Артыкбаев, Асаналы Бейшенов турат.
Ал жылы Гапар Айтиев республика боюнча таланттуу жаш сүрөтчүлөрдү чогулткан.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жылдызбек Молдахматов ошол кезди мындайча эскерет:
"Жаш сүрөтчүлөрдөн куралган чыгармачыл топ Ысык-Көлгө барганбыз. Бизди Гапар Айтиев өзү чогултуп жетектеген. Анткени ал СССРдин Сүрөт академиясынын мүчө-корреспонденти болгондуктан талап боюнча шакирттерди тарбиялашы керек болчу. Биринчи жолу 1975-жылы балдарды алып барып, кийинки жылы башка облустардан да сүрөтчүлөрдү чогултуп кайра уюштурган. Жаштар Кыргыз ССРинин сүрөтчүлөр союзунун Кажы-Сайдагы базасында бир ай жашап өзүбүз тарта турчу жерлерди, каармандарды издеп кызуу иштегенбиз. Гапар Айтиев акылдуу адам эле. Андан көп сабак, акыл-насааттарын алып калдык. СССРдин эл сүрөтчүсү бизди Ысык-Көлгө жеткирип кетип калчу. Жаш сүрөтчүлөр ээн-эркин, өз алдынча иштесин дечү экен", — деди Молдахматов.
Ал жылдары Гапар Айтиев СССРдин Сүрөт академиясынын мүчө-корреспонденти болуп иштеп, далай жаштарды шакирт кылган.
Тема боюнча:
Советбек Жумадыловдун "карындашы" Венера Нигматулина. Тасмадагы таберик сүрөт
Темиркул Үмөталиев, Гапар Айтиев, Түгөлбай Сыдыкбеков. Таберик сүрөт
Залкарлардын башын бириктирген "Каныбек". Таберик сүрөт
Бөбөктөрдүн тилин таап тасма тарткан Видугирис. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0