Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси
Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси
Sputnik Кыргызстан
Быйыл кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик сүрөт искусствосуна негиз салган инсандын сүрөттө... 28.09.2022, Sputnik Кыргызстан
Гапар Айтиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында 1912-жылы 28-сентябрда кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 20 жашында Агартуу институтун бүтүрүп, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. 1935-38-жылдары Москвадагы көркөм окуу жайында окуп, ал жакта көлөмдүү эмгектерди жараткан алгачкы кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн бири болгон.Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты негизинен өзүнүн чыгармачылык жолунда живопись менен алектенип, графиканы да кошо алып кеткен. Сүрөтчү кыл калеми менен адамдын жан дүйнөсүн, жаратылыштын кайталангыс көз ирмемдерин жана кыргыз элине гана мүнөздүү образдарды мыкты ачкан. Эмгектери Германия, Кытай, Канада, Япония, Швеция, Бельгия, Польша, Монголияда көрсөтүлгөн, айрымдары азыркыга чейин Москва, Алматы, Казань, Львов, Бакудагы музейде сакталуу.Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, 1940-жылдан 1968-жылга чейин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин алты жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.Тема боюнча:
Быйыл кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик сүрөт искусствосуна негиз салган инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Гапар Айтиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында 1912-жылы 28-сентябрда кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 20 жашында Агартуу институтун бүтүрүп, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. 1935-38-жылдары Москвадагы көркөм окуу жайында окуп, ал жакта көлөмдүү эмгектерди жараткан алгачкы кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн бири болгон.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты негизинен өзүнүн чыгармачылык жолунда живопись менен алектенип, графиканы да кошо алып кеткен. Сүрөтчү кыл калеми менен адамдын жан дүйнөсүн, жаратылыштын кайталангыс көз ирмемдерин жана кыргыз элине гана мүнөздүү образдарды мыкты ачкан. Эмгектери Германия, Кытай, Канада, Япония, Швеция, Бельгия, Польша, Монголияда көрсөтүлгөн, айрымдары азыркыга чейин Москва, Алматы, Казань, Львов, Бакудагы музейде сакталуу.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, 1940-жылдан 1968-жылга чейин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин алты жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Гапар Айтиев 1967-жылы "Чабандар" жана "Ысык-Көл — кыргыз деңизи" сүрөттөрү үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул "Чабандар" сүрөтүнүн репродукциясы
Айтиев Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана бир нече медаль менен сыйланган. Борбор калаадагы Опера жана балет театрын жасалгалоодо сүрөтчүлөр бригадасынын көркөм жетекчиси кызматын аркалаган
Залкар сүрөтчүнүн ысымын азыр борбор калаадагы бир музей, бир музей-устакана алып жүрөт. Сүрөткер ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова менен.