Максатым — абсолюттук чемпион болуу. Биволдун видеосу

© AFP / RYAN LIMЧемпион мира по версии WBA Дмитрий Бивол
Чемпион мира по версии WBA Дмитрий Бивол  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Жазылуу
Буга чейин Бивол дүйнөнүн күчтүү мушкери Сауль Канело Альварести жеңген болсо, кечээ орто оор салмактагылар арасында жеңилүү ызасын тарта элек мексикалык Рамирести утуп алды.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Абу-Даби шаарында өткөн бокс кечесинде WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын төртүнчү ирет сактап калган Дмитрий Бивол орто оор салмактагылар арасында (78,38 кг чейин) дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болуу максатын ачыктады. Бул тууралуу ал мексикалык Хильберто Рамирести жеңип алгандан кийин айтты.
"Мен дүйнөнүн күчтүү боксчусун жеңе ала турганымды далилдегем. Бул мага чоң бакыт тартуулады. Эми болсо жеңилүү ызасын билбеген мушкерди жеңдим. Менин максатым — абсолюттук чемпион болуу, бирок баары эле менден көз каранды эмес. Эгерде баары менин гана колумда болгондо, 11-беттеште эле төрт кур үчүн күрөшмөкмүн", — деген мушкер.
Боксчу Дмитрий Бивол Хильберто Рамирести жеңген соң Кыргызстан менен Россия желектеринин алдына туруп күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын Токмок шаарында төрөлүп-өскөн, 15 жашында ата-энеси менен чогуу Россияга көчүп кетишкен.
"Азыр баары башкача. Канело менен беттешке чейин мен өзүмө ишенүү үчүн даярданууга көп күч жумшачумун. Ал эми бул мелдеш алдында көңүлүм жай болду. Бул биринчиден. Экинчиден, ал сологой, корпуска сокку уруп, бирөө менен эле токтоп калбайт. Бирок Рамирестин габарити эч роль ойногон жок. Арстан жунглидеги андай деле чоң жаныбар эмес, бирок ал жунглинин падышасы. Ооба, Рамирес менден чоңураак, бирок бул нерсенин көп мааниси болгон жок", — деди.
Абсолюттук чемпион болуу үчүн Дмитрий Бивол россиялык мушкер Артур Бетербиев менен рингге чыгышы керек. Теги чеченстандык Бетербиев Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC), Эл аралык бокс федерациясы (IBF) жана Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму (WBO) версиялары боюнча дүйнө чемпиону.
Жеңилбеген профессионал боксчу Дмитрий Бивол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Бивол дүйнөдөгү мыкты боксчулардын тизмесине кирди. ESPN рейтинги
Жаңылыктар түрмөгү
0