Чаалыкпаган скульптор. 87 жашка чыккан Тургунбай Садыковдун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн — белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун туулган күнү. Таланттуу инсан 87 жашка толду. Sputnik Кыргызстан талыкпас академиктин өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Тургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар кыштагында 1935-жылы 4-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти бүткөн соң Фрунзеге келип Көркөм өнөр окуу жайында окуган. Скульптор Владислав Пузыревский менен таанышып, ага чопо, жыгачын ташып жардам берип жүрүп көп нерсени үйрөнө алган. Кийин Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билимин тереңдетип, бул жакта калып иште деген сунушка карабай мекенине кайткан.
Биринчи кыргыз профессионал скульптору филармониянын алдындагы Манас баатырдын скульптуралык ансамблинин, бир нече жыл "Ала-Тоо" аянтында туруп, кийин алып салынган "Эркиндик" статуясынын, "Эл куту" монументалдык эстелигинин автору. Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан Уркуя Салиевага арналган "Революциянын каармандарына" деп аталган монументин 12 жылда бүтүргөн. Скульптордун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына коюлган.
Жаратман академик 1991-жылы Бишкек шаарында Улуттук көркөм өнөр академиясын ачкан. Анын алдында атайын мектеп, колледж, жогорку окуу жайы бар. Сүрөтчү Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры азыр дагы жаштарга сабак берип келет.
© Александр Федоров

Тургунбай Садыковдун апасы сайма сайып, бычмачы болсо, атасы жыгач уста эле

Тургунбай Садыковдун апасы сайма сайып, бычмачы болсо, атасы жыгач уста эле - Sputnik Кыргызстан
1/16

Тургунбай Садыковдун апасы сайма сайып, бычмачы болсо, атасы жыгач уста эле

© Фото / пресс-служба Национальной Академии Художеств КР

Фрунзе шаарында ачылып жаткан кезектеги эмгек. Турдакун Усубалиев, Александра Кибальникова, Түгөлбай Сыдыкбеков, Турганбай Садыков, Чыңгыз Айтматов. 1978-жыл.

Фрунзе шаарында ачылып жаткан кезектеги эмгек. Турдакун Усубалиев, Александра Кибальникова, Түгөлбай Сыдыкбеков, Турганбай Садыков, Чыңгыз Айтматов. 1978-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/16

Фрунзе шаарында ачылып жаткан кезектеги эмгек. Турдакун Усубалиев, Александра Кибальникова, Түгөлбай Сыдыкбеков, Турганбай Садыков, Чыңгыз Айтматов. 1978-жыл.

© Александр Федоров

Скульптор Кычан Жакыповдун айкелин жасоодо. 1960-жылдар.

Скульптор Кычан Жакыповдун айкелин жасоодо. 1960-жылдар. - Sputnik Кыргызстан
3/16

Скульптор Кычан Жакыповдун айкелин жасоодо. 1960-жылдар.

© Фото / пресс-служба Национальной Академии Художеств КР

"Манас" скульптуралык комплексиндеги Сагынбай Орозбак уулунун эстелигин жасоо учуру. Фрунзе шаары, 1982-жыл.

"Манас" скульптуралык комплексиндеги Сагынбай Орозбак уулунун эстелигин жасоо учуру. Фрунзе шаары, 1982-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/16

"Манас" скульптуралык комплексиндеги Сагынбай Орозбак уулунун эстелигин жасоо учуру. Фрунзе шаары, 1982-жыл.

© Александр Федоров

Турганбай Садыков Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билим алган

Турганбай Садыков Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билим алган - Sputnik Кыргызстан
5/16

Турганбай Садыков Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билим алган

© Фото / пресс-служба Национальной Академии Художеств КР

СССРдин эл сүрөтчүсү Турганбай Садыков жана СССРдин Ленин сыйлыгынын лауреаты Александр Кибальников

СССРдин эл сүрөтчүсү Турганбай Садыков жана СССРдин Ленин сыйлыгынын лауреаты Александр Кибальников - Sputnik Кыргызстан
6/16

СССРдин эл сүрөтчүсү Турганбай Садыков жана СССРдин Ленин сыйлыгынын лауреаты Александр Кибальников

© Sputnik / Александр Федоров

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата "Эл кутун" ачууга даярдык. Бишкек шаары, 1995-жыл.

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата "Эл кутун" ачууга даярдык. Бишкек шаары, 1995-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/16

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата "Эл кутун" ачууга даярдык. Бишкек шаары, 1995-жыл.

© Sputnik / Шерстенников / Медиабанкка өтүү

Сүрөткер борбор калаадагы бир топ скульптуралык эмгектердин автору

Сүрөткер борбор калаадагы бир топ скульптуралык эмгектердин автору - Sputnik Кыргызстан
8/16

Сүрөткер борбор калаадагы бир топ скульптуралык эмгектердин автору

© Фото / Александр Федоров

Устаканасында "Эркиндик" айкелинин макетин даярдап жаткан учур

Устаканасында "Эркиндик" айкелинин макетин даярдап жаткан учур - Sputnik Кыргызстан
9/16

Устаканасында "Эркиндик" айкелинин макетин даярдап жаткан учур

© Sputnik / Александр Федоров

Тургунбай Садыков кесиптеши Ольга Мануйлова жана композитор Таштан Эрматов менен "Искусство жөнүндө баян" тасмасын тартуу учуру. Фрунзе шаары, 1974-жыл.

Тургунбай Садыков кесиптеши Ольга Мануйлова жана композитор Таштан Эрматов менен "Искусство жөнүндө баян" тасмасын тартуу учуру. Фрунзе шаары, 1974-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/16

Тургунбай Садыков кесиптеши Ольга Мануйлова жана композитор Таштан Эрматов менен "Искусство жөнүндө баян" тасмасын тартуу учуру. Фрунзе шаары, 1974-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Турганбай Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр академиясынын ачылышы. Сыйлуу коноктордун катарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдразаков да бар.

Турганбай Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр академиясынын ачылышы. Сыйлуу коноктордун катарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдразаков да бар. - Sputnik Кыргызстан
11/16

Турганбай Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр академиясынын ачылышы. Сыйлуу коноктордун катарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдразаков да бар.

© Sputnik / Александр Федоров

Улуттук көркөм өнөр академиясында улуу устат скульптура кафедрасынын студенттеринен экзамен алууда, 2000-жыл

Улуттук көркөм өнөр академиясында улуу устат скульптура кафедрасынын студенттеринен экзамен алууда, 2000-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/16

Улуттук көркөм өнөр академиясында улуу устат скульптура кафедрасынын студенттеринен экзамен алууда, 2000-жыл

© Александр Федоров

Садыков кесиптештери: Жылдыз Молдохматов, Алексей Каменский жана Ормон Идирисов менен, 2013-жыл

Садыков кесиптештери: Жылдыз Молдохматов, Алексей Каменский жана Ормон Идирисов менен, 2013-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/16

Садыков кесиптештери: Жылдыз Молдохматов, Алексей Каменский жана Ормон Идирисов менен, 2013-жыл

© Sputnik / Дронов

СССРдин эл сүрөтчүсү таш, темир материалдар менен мыкты иштей билет

СССРдин эл сүрөтчүсү таш, темир материалдар менен мыкты иштей билет - Sputnik Кыргызстан
14/16

СССРдин эл сүрөтчүсү таш, темир материалдар менен мыкты иштей билет

© Sputnik / Александр Федоров

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР Көркөм академиясынын академиги, Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендеринин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР Көркөм академиясынын академиги, Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендеринин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты - Sputnik Кыргызстан
15/16

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР Көркөм академиясынын академиги, Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендеринин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

© Фото / пресс-служба Национальной Академии Художеств КР

87 жаштагы залкар талант азыр да жогорку окуу жайда иштеп, жаштарга акыл-насаатын айтып келет

87 жаштагы залкар талант азыр да жогорку окуу жайда иштеп, жаштарга акыл-насаатын айтып келет - Sputnik Кыргызстан
16/16

87 жаштагы залкар талант азыр да жогорку окуу жайда иштеп, жаштарга акыл-насаатын айтып келет

Тема боюнча:
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси
Мамлекеттик дачада киши колдуу болгон. Султан Ибраимовдун сүрөттөгү ирмемдери
Жаңылыктар түрмөгү
0