Мамлекеттик дачада киши колдуу болгон. Султан Ибраимовдун сүрөттөгү ирмемдери

Жазылуу
Быйыл көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын камчыга сап уулунун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектептеги кезинде согуш башталып, өзү теңдүүлөр менен таалада трактор айдап, колхоздо иштеп жетилген. Тынч жашоо кайтканда Фрунзедеги Гидромелиорация техникумуна тапшырып, аны 1949-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн. 1952-54-жылдары Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженердик институтунан билим алып кайткан соң Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Энергетика жана суу чарба институтунда иштей баштаган.
Султан Ибраимов 34 жашында Кыргыз ССРинин суу чарба жана мелиорация министри, Кыргызстан КП БКнын катчысы, Ош обкомунун 1-катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы кызматтарын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Баатыры эмгек жолунда эки Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган. Аткаминерди 1980-жылы 4-декабрда Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен.
© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Мамлекеттик ишмер аймактарга көп чыгып элеттиктерге абдан жакын болгон

Мамлекеттик ишмер аймактарга көп чыгып элеттиктерге абдан жакын болгон - Sputnik Кыргызстан
1/15

Мамлекеттик ишмер аймактарга көп чыгып элеттиктерге абдан жакын болгон

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Көрүнүктүү саясатчы жакындары, туугандары менен

Көрүнүктүү саясатчы жакындары, туугандары менен - Sputnik Кыргызстан
2/15

Көрүнүктүү саясатчы жакындары, туугандары менен

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Ибраимов өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңунда Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине чакыртылып республиканын чарбалык иштерине аралашкан

Ибраимов өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңунда Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине чакыртылып республиканын чарбалык иштерине аралашкан - Sputnik Кыргызстан
3/15

Ибраимов өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңунда Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине чакыртылып республиканын чарбалык иштерине аралашкан

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Исхак Раззаков аны 33 жашында Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы кылып бекиткен

Исхак Раззаков аны 33 жашында Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы кылып бекиткен - Sputnik Кыргызстан
4/15

Исхак Раззаков аны 33 жашында Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы кылып бекиткен

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Жүгөрү талаасында түшүмдүүлүктү текшерген өкмөт башчы

Жүгөрү талаасында түшүмдүүлүктү текшерген өкмөт башчы - Sputnik Кыргызстан
5/15

Жүгөрү талаасында түшүмдүүлүктү текшерген өкмөт башчы

© Фото / Александр Федоров

1968-78-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы болгон

1968-78-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы болгон - Sputnik Кыргызстан
6/15

1968-78-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы болгон

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Султан Ибраимов өлкө башында узак убакыт иштеген Турдакун Усубалиев менен маанилүү чечимдерди кабыл алган

Султан Ибраимов өлкө башында узак убакыт иштеген Турдакун Усубалиев менен маанилүү чечимдерди кабыл алган - Sputnik Кыргызстан
7/15

Султан Ибраимов өлкө башында узак убакыт иштеген Турдакун Усубалиев менен маанилүү чечимдерди кабыл алган

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Мамлекеттик ишмер эки жылдан ашык Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болгон (1978-80)

Мамлекеттик ишмер эки жылдан ашык Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болгон (1978-80) - Sputnik Кыргызстан
8/15

Мамлекеттик ишмер эки жылдан ашык Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болгон (1978-80)

© Фото / Александр Федоров

Султан Ибраимов кыргыз элинин интеллигенциясы: Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Турдакун Усубалиев жана башкалар менен

Султан Ибраимов кыргыз элинин интеллигенциясы: Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Турдакун Усубалиев жана башкалар менен - Sputnik Кыргызстан
9/15

Султан Ибраимов кыргыз элинин интеллигенциясы: Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Турдакун Усубалиев жана башкалар менен

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Султан Ибраимов жубайы экөө эки уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн

Султан Ибраимов жубайы экөө эки уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
10/15

Султан Ибраимов жубайы экөө эки уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн

© Sputnik / Александр Федоров

Жөнөкөй, эл аралап жүргөн мамлекеттик ишмерди замандаштары, шакирттери азыркыга чейин эскерет

Жөнөкөй, эл аралап жүргөн мамлекеттик ишмерди замандаштары, шакирттери азыркыга чейин эскерет - Sputnik Кыргызстан
11/15

Жөнөкөй, эл аралап жүргөн мамлекеттик ишмерди замандаштары, шакирттери азыркыга чейин эскерет

© Sputnik / Александр Федоров

Республика аймагында ири гидроэлектр станциялардын курулушуна баш-көз болгон аткаминер

Республика аймагында ири гидроэлектр станциялардын курулушуна баш-көз болгон аткаминер - Sputnik Кыргызстан
12/15

Республика аймагында ири гидроэлектр станциялардын курулушуна баш-көз болгон аткаминер

© Фото / Александр Федоров

Ибраимов кыргыз элинин эсинде чынчыл, эмгекчил, иштин майын чыгара жасаган инсан катары калган

Ибраимов кыргыз элинин эсинде чынчыл, эмгекчил, иштин майын чыгара жасаган инсан катары калган - Sputnik Кыргызстан
13/15

Ибраимов кыргыз элинин эсинде чынчыл, эмгекчил, иштин майын чыгара жасаган инсан катары калган

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Ал союз маалында бир топ курулуштардын башында турган. Арасында Токтогул ГЭСи, суу сактагычтар бар.

Ал союз маалында бир топ курулуштардын башында турган. Арасында Токтогул ГЭСи, суу сактагычтар бар. - Sputnik Кыргызстан
14/15

Ал союз маалында бир топ курулуштардын башында турган. Арасында Токтогул ГЭСи, суу сактагычтар бар.

© Фото / из семейного архива семьи Ибраимовых

Султан Ибраимовго 2019-жылы (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Баатыры 53 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Султан Ибраимовго 2019-жылы (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Баатыры 53 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. - Sputnik Кыргызстан
15/15

Султан Ибраимовго 2019-жылы (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Баатыры 53 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Тема боюнча:
Өмүрүн, жаштыгын мекенге арнаган. Вице-адмирал Темировдун сүрөттөгү ирмемдери
25 жыл министр болуп интернат, санаторий, оорукана курган Батыш Салиева. Сүрөттөрү
Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери
Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери
Жаңылыктар түрмөгү
0