Бишкекте көмүрдүн баасы 4 000 сомдон сатыла баштады. Даректер

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте көмүр сатуу. Архив
Бишкекте көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Жазылуу
4 000 сомдук көмүргө чектөө бар. Тагыраагы, кардар аны 2 тоннадан ашык ала албайт.
БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 000 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 4 000 сомдук көмүргө чектөө бар. Тагыраагы, кардар аны 2 тоннадан ашык ала албайт.
Даректер:
Мурманский көчөсү, 126;
Айланма жол — Алматы көчөлөрүнүн кесилиши;
Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;
Достоевский көчөсү, 97к.
"Арзандатылган кара алтынды Бишкек шаарынын тургундары эртең мененки саат 9:00дөн кечке чейин ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин кара алтындын наркы көтөрүлүп бир тоннасы 4 800 сомго чейин сатылып жаткан.
Көмүр кампасында жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Антимонополия "Дордой" базары тарапта сатылып жаткан көмүрдүн баасын арзандатты
Жаңылыктар түрмөгү
0