Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина жаңжалында америкалык стратегдер ниетин жашырган да жок. Сереп

© AP Photo / Andrii MarienkoУкраиналык аскерлер Харьков облусунда зениттик куралдан Россиянын позицияларын аткылап жатат
Украиналык аскерлер Харьков облусунда зениттик куралдан Россиянын позицияларын аткылап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
РФтин абадан чабуул коюучу операциясы ийгиликтүү жүрүүдө. Россиялык аскерлер Харьков облусундагы Купянск багытында жылып, ал эми Аба-десанттык күчтөрү каршылаш тараптын Бахмут – Артемовскидеги позицияларына чабуулун баштады.
Ошентип 1000 чакырымдык чектешүү сызыгында салыштырмалуу турукташуу туурасында айтууга болорун белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул ирет автордун макаласында узаган жумадагы окуялардан кеп козголот.
10 күндөн берки топтоштурулган ракеталык жана учкучсуз аппараттардын соккуларынан Украинанын энергетикалык тутумунун 30 пайыздан ашык объектилери талкаланды. Иш жүзүндө бул аркылуу согуштук аракеттер театрындагы Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун энергетикалык дараметинин 30 пайыздан ашууну жок кылынды.
Мындай соккулардан улам Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу, логистика, байланыш, чалгындоо жана буталарды көрсөтүүчү тутумдары жана бул согуштук аракеттерге тартылган НАТОнун ресурстары иштен чыгарына аз калды.
АКШ менен НАТО россиялык ракеталардан өзүн да коргой албайт, альянстын киевдик режимге заманбап зениттик-ракеталык комплекстери менен көмөктөшүү убадалары эч нерсеге арзыбайт. Түндүк Америка менен Европанын өзүнө таандык Абадан жана ракетага каршы коргонуучу интеграцияланган системасы да жок. АКШ конгрессинин чечими менен деле дароо пайда болуп калбайт, ошондуктан жакынкы айларда жана жылдарда абалы өзгөрүп деле кетпейт.
Батыш Россия менен болгон "ыйык согушунда" Украинаны пайдаланып, иш жүзүндө талкалап жатат. Украина Куралдуу күчтөрү жана чет өлкөлүк жалданма аскер топторунун ар кыл тилкелердеги контрчабуулдарынын баары майнапсыз, тескерисинче, чоң жоготууларга кабылып жана техникаларынын баары талкаланып артка чегинүүдө.
Херсондун чет жакасында үч жолку чабуул жасоо аракетинде эле Батыш тартуулаган ок өткөрбөс техниканын ондон ашуун түрү байкалды. Атап айтканда украиналык күчтөр бул операцияларында британиялык, нидерландылык жана түркиялык Saxon, YPR-765 жана Kirpi ок өтпөс транспортерлорун, ошондой эле германиялык, польшалык PzH-2000, Krab өзү жүрүүчү гаубицаларын, австралиялык жана америкалык Bushmaster, International MaxxPro зооттолгон унааларын, польшалык Т-72 танкаларын контрчабуул жасоого пайдаланды. Анткен менен бул аскердик техникалардын басымдуу бөлүгү жайгаштырылып жатканда эле россиялык аскердик бөлүктөрдүн ракеталык жана артиллериялык соккулары менен жок кылынды.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы резервдерин жыйнап, Николаев жана Запорожье багыттарында күчтөрдү кайра топтоштурууну улантып чабуул коюуга камынууда. Мындай аракет Вашингтонго 8-ноябрда өтө турган АКШ конгрессине шайлоо алдында зарыл болуп турат. Анткени алар шайлоочуларына он миллиарддаган доллар кайда жумшалганын көрсөтүүгө тийиш. Бирок акча жеңишти кепилдебейт, алар каалагандай натыйжа жок. Украина Куралдуу күчтөрүн НАТОлук куралдар менен жабдуу согуштук аракеттер театрында абалды алмаштырып жибербейт.
Атайын аскердик операциянын сегиз айында россиялык тарап Украина Куралдуу күчтөрүнүн 324 учагын, 162 тик учагын, 2 302 учкучсуз аппаратын, 383 зениттик-ракеталык комплексин, 5 939 танк жана башка ок өткөрбөс унаасын, 874 залптык ок тутумун, 3 513 талаа артиллериясынын куралы жана минометторун жок кылды.
АКШнын Patriot ракетадан коргонуу системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун "жабык асманы" Украинага пайда келтире албайт. Аскерий сереп
Ушулардын болжол менен үчтөн экиси Батыш өлкөлөрүнөн алынган. Башкача айтканда, Днепрдин жээгинде жана Украинанын батышында РФ Куралдуу күчтөрү түндүк атлантикалык альянска мүчө болгон ондогон өлкөнүн аскер-өнөр жай арсеналын талкалоодо. 300 чакырымга чейинки аралыкты багындырчу америкалык ATACMS (HIMARS) тактикалык ракеталары берилип калган күндө да кырдаалды дагы ырбатып, киевдик режимди гана тездетери бышык. Мында Кошмо Штаттар жана алардын европалык союздаштары да жабыр тартып калышы ыктымал.
Британ Аскер-аба күчтөрүнүн учактары Кара деңиздин үстүнөн күзөтүүнү токтотууга аргасыз болгонун эстейли. Россиялык Су-27 истребители ракетасын RC-135 Rivet Joint чалгындоочу учагына жакын атуу менен анын маршрутун түзөткөн. Ошол окуя британ өкмөтүнө катуу таасир эткени белгилүү.
Радиотехникалык (стратегиялык) чалгындоонун RC-135 учактары Перс булуңунун аймагындагы "Чөлдөгү бороон" жана "Калкан" операцияларында пайдаланылганы маалым. Алар Ирактын байланыш системаларынын жана радиолокациялык станцияларынын ишин көзөмөлдөп, америкалык альянстын күчтөрүнө ыкчам түрдө маалыматтарды берип турган.
Россия – НАТО түз тирешип кала турган болсо "өзөктүк заряд анализаторлорунун" аброюн эч ким оңдобойт, ал эми RC-135 Rivet Joint учактарын россиялык ракеталардан эч нерсе коргой албайт. Америкалык стратегдер альянстын Украина жаңжалындагы чыныгы ниетин деле жашырбайт. Ал суверендүү Россияны басып, бөлүп-жаруу жана чачыратууну көздөйт.
АКШ армиясынын штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы, генерал Марк Милли 2015-жылы эле: "Россияны АКШ үчүн биринчи орундагы коркунуч катары карайм. Бул – Кошмо Штаттарды жок кыла ала турган жападан жалгыз өлкө. Башка мамлекеттер өзөктүк куралга ээ болгону менен Россиянын колундагыдай көлөмгө жетпейт. Орустардын бул үчүн мүмкүнчүлүктөрү да, өзөктүк куралы да бар", – деп билдирген.
Миллинин Панама жана Гаитиге америкалык күчтөрдүн, альянстын Ирак менен Афганистандын территориясына басып киришине катышканын эске алсак, Украинанын жагдайы кандай болорун болжоо кыйын эмес.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин украиналык кесиптеши Алексей Резников менен 21-октябрдагы баарлашуусунда АКШ согуштук жаңжалдын уланышын жактай турганын тастыктады. Россия Гаити эмес экенин аңдаган Пентагондун стратегдери болду-болбоду деп "столунда" биологиялык жана химиялык куралды кармап, ошондой эле масштабдуу техногендик кырсыкты (Днепрде суу ташкынын) жаратуу үчүн баскычтарды кармап турганын да унутпайлы.
Ошону менен катар эле Батыш басылмалары НАТО өлкөлөрүнүн калкын "биологиялык курал менен болгон учурдагыдай эле Россия кол койгон химиялык арсеналдарынан кутулууну убада кылган эл аралык конвенцияларды көз жаздымда калтырууда" деген тейдеги көз көрүнөө жалган маалыматка сугарып жатат.
Украинанын Бириккен аскер күчтөрүнүн командачысы, генерал-лейтенант Сергей Наев 16-октябрдагы украиналык телемарафон убагында Беларустун территориясынан россиялык күчтөргө чабуул жасалышы жана Киевдин үч-төрт айда алынышы мүмкүн экенин билдирди. Балким, президент Зеленский Москва жогорку аскер командачылыгынын 1991-жылдагы бүтүрүүчүсүнүн мындай божомолуна кулак салганы оң чыгар. Анткени адистигинен улам ал согуштук аракеттер театрындагы абалды таамай талдоого жөндөмдүү. Украиналык мамлекеттүүлүктүн калдыктарын киевдик режимдин создуктурбастан багынышы гана сактап кала алат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик абал: Россия жана КМШда эмне өзгөрүүдө?
Жаңылыктар түрмөгү
0