Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТОнун "жабык асманы" Украинага пайда келтире албайт. Аскерий сереп

© AFP / JACK GUEZАКШнын Patriot ракетадан коргонуу системасы. Архив
АКШнын Patriot ракетадан коргонуу системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Жазылуу
Батыш куралдарынын технологиялык артыкчылыгы жана күчү жөнүндөгү уламыштар кумга суу сиңгендей жок болууда. Украинадагы согуштук аракеттер театрынын катаал чындыгына алар туруштук бере алышпады.
Киевдик режимге АКШ жана НАТОнун аскердик көмөгүнүн көбөйүшү анын кыйрашын гана тездетет. Ал эми Россиянын Куралдуу күчтөрү атайын аскердик операцияны ырааттуу жана майнаптуу жүргүзүп жатат. Ушундай пикирин аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласында да белгилейт. Бул сапар ал россиялык атайын операциянын жүрүшү жана НАТОнун Украинага жардамына токтолгон.
Брюсселде 12-13-октябрда НАТО өлкөлөрүнүн Коргоо министрлери чукул жыйынга жолукту. Пентагондун башчысы Ллойд Остиндин жетекчилигинде өткөн ал иш-чарада алар киевдик режимге канча көлөмдө керектелсе, ошончо колдоо көрсөтүүнү чечишти.
Андан мурун эле аталган уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык альянстын Украина жаңжалындагы "маанилүү ролун" баса белгилеп, Украина Куралдуу күчтөрүнө аскердик жардамды күчөтүүгө сөз берген.
Россиянын 10-12-октябрь аралыгындагы Украинанын аскер башкармалыгы, байланыш, энергетика системасынын объектилерине топтоштурулган ракеталык соккуларынан соң америкалыктар жана алардын европалык союздаштары аталган өлкөнүн Абадан коргонуу тутумун жакшыртууну да убада кылышты.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Миллинин 12-октябрда Брюсселдеги жолугушуудагы билдирүүсүнө караганда, "ракетага каршы жана абадан коргонуунун комплекстүү системасы" да берилип калышы ажеп эмес.
Кеп АКШ армиясынын орточо ыраактыктагы I-HAWK жана Patriot, Германия өндүрүшүндөгү IRIS-T, норвегиялык-америкалык NASAMS жана Израилдин "Темир купол" зениттик ракеталык комплекстери туурасында жүрүүдө. Анткен менен украиналык адистердин алардын ар бирин үйрөнүү жана өздөштүрүү үчүн убакыт талап кылынат. Ошондой эле генерал Милли Украинанын бүтүндөй аба мейкиндигин эмес, артыкчылыктуу объектилерди гана сактап калууга болорун тактап өттү.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын абадан коргоо стратегиясын иштеп чыкты. Бирок аны ишке ашыруу үчүн "бир ай аралыгында" абадан коргонуу тутумунан 40 – 50 заманбап комплекс алуу абзел. Миллиарддаган долларлык билдирмелер (мисалы, мурда Оман NASAMS зениттик ракеталык комплексинин бир батареясына 1,28 млрд. доллар төлөгөнү белгилүү) керектелет, бирок долбоордун өзү акылга сыйбайт.
АКШ армиясынын ассоциациясынын Вашингтондогу конференциясында Түндүк Американын аба-космостук коргоо тутуму (NORAD), АКШ Аскер аба күчтөрүнүн Түндүк командачылыгынын (NORTHCOM) башчысы генерал Глен Ван Херк 11-октябрда америкалык абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумдарынын жөндөмүнөн шек санаткан билдирүү жасады.
HIMARS мобилдик ракеталык комплексинин артиллериялык машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Киев режимине көрсөткөн аскерий жардамы азаюуда. Сереп
Ал эми ыраак аралыктагы таамай россиялык канаттуу ракеталарды (мисалга, 5500 чакырымга чейинки аралыкка ылайык авиациялык Х-101) генерал АКШ үчүн "дайымкы коркунуч" катары атады. Пентагон технологиялык жактан Кошмо Штаттардын абасын "жаба" албай турганын, европалыктардын абадан жана ракетага каршы коргонуучу мындай системасынын жоктугун Киевдегилер билет болушту бекен?
АКШ Украинага 25 чакырымга чейинки аралыкка, 16 чакырымга чейинки бийиктикке ылайыкталган NASAMS комплексинен эки даананы жакында, дагы алты бирдикти кийинчерээк бермек болду. Эсиңиздерде болсо дал ушундай зениттик ракеталык комплекстерден мурда да беришкен. Анткен менен Киевде Украина Куралдуу күчтөрү жана Коопсуздук кызматынын объектилерин 10-октябрда алар коргой алышкан жок.
"Эң акыркы үлгүдөгү" IRIS-T зениттик ракеталык комплекси Германиядан Киевге жөнөтүлдү. Бирок башта алар бир даана эмес, он бирдик убада кылышкан. Кыязы, кийинкилерин бергенче бир топ жыл өтөт өңдөнөт.
Британия менен Нидерланддар киевдик режимге NASAMS комплекси үчүн орточо ыраактыктагы AMRAAM зениттик ракеталарын бермекчи болду. Нидерландынын коргоо министрлиги Украина 15 млн. еврого 12ден ашпаган ракета аларын айткан. Себеби бир AIM-120 AMRAAM ракетасынын наркы – 1,2 млн. евронун тегерегинде.
Союздаштардын Брюсселде жар салынган "чечкиндүүлүгү" анчейин таасирлентпейт. НАТОнун орточо аралыкка ылайыкталган бир жана аралаш типтеги зениттик ракеталарын Украина Куралдуу күчтөрүнүн базасында интеграцияланышына ынанып болбойт.
Украинанын 20 облустук борборундагы эң маанилүү объектилерди да калкалоо технологиялык жактан мүмкүн эмес. РФтин "Кинжал", "Искандерлери", Х-101 канаттуу ракеталары НАТОлук стандарттагы абадан коргонуучу тутумдарынын ар биринин мизин кайтарып коюшат.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн суткалык залпында 100 чакты канаттуу жана ыкчам-тактикалык ракеталар камтылат. АКШнын аналитикалык борборлорунун маалыматы боюнча россиялык арсеналдарда 1800 даана ушундай (конвенциялык) бирдик бар. Коргоо өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүнүн эсептебеген күндө да, элестүү түшүндүрсөк, бул жыл бою тынымсыз "тозокту" көрсөтө алат дегендик.
РФ Коргоо министрлиги канча экенин так айтпайт, бирок соңку жылдары ыраак аралыкка ылайыкталган таамай канаттуу ракеталарынын (Х-101, "Калибр" жана башкалар) саны 37 эсеге өскөнүн белгилейт.
Киевдеги жарылуу болгон жердеги полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: соккуга кабылган Киев Байденге талап койду
Батыш кураторлору, курал-жарагы жана НАТОнун багыты Украинаны туңгуюкка кептеди. Киев талап кылып жаткан Батыштын эшелондоштурулган абадан коргонуу тутумдарын, танк жана учактарын, 300 чакырымга чейинки ATACMS ракеталарын Украина Куралдуу күчтөрү күтө да албайт, ээлик кылары да арсар. Муну баамдаган америкалыктар деле Украинада "жабык асманды" түзө албай турганын билишет.
НАТО мындай пландары абадан коргонуучу заманбап тутумдары жок мамлекеттерде авиациянын күчү менен тарыхта үч гана ирет: Иракта 1991-жылы Перси булуңундагы согуштан кийин Иракта, 1992-жылы Босния жана Герцеговинада, ошондой эле 2011-жылы Ливияда ишке ашырылган. Бирок Россия андай көрүнүшкө жол бербей турганын баары түшүнүп турушат.
19FortyFive америкалык басылмасы Украинада жабык асман түзүү долбоорун "кырдаалды ырбатып, НАТО менен Россиянын түз тирешине кептеп, дүйнөнү өзөктүк алааматка жакындаткандан" башка эч нерсеге жарабаган "эпсиз демилге" деп баалады.
Америкалык F-16 учактары же германиялык Leopard танктары деле жарытарлык эмес. Military Watch басылмасы Германия Куралдуу күчтөрүнүн бүтүндөй арсеналы ири согушта 48 саатка да жетпей калганын белгилейт. Украинаны курал менен камсыздоо чечими Бундесвердин аскердик дараметин да солгундатып койду.
Украиналык согуштук аракеттер театрында Кошмо Штаттар эң оболу экономикалык пайда алууну гана пландайт. Россия менен Европа биримдигин алсыратууга умтулуп, украиналык жаңжалдан он миллиарддаган долларга курал-жаракка буюртма алууну самап, Европаны энергетикалык жактан кыйла көз каранды кылууну көздөйт. Ошондой эле РФке каршы топко мүмкүн болушунча көп өлкөнү тартууга кызыкдар. Ал эми мында Украина америкалыктар жана алардын европалык союздаштарына сынамык үчүн полигон катары гана колдонулат.
Россиянын 2023-2025-жылкы бюджетинин долбоорунда Коргоо министрлигинин талаптарына толук жооп бере алгыдай көлөмдө, тагыраагы, 14 триллион рублдин тегерегинде каражат каралган.
Украиналык согуштук театрда Россиянын жеңиши НАТОнун утулушу болору талашсыз. Дал ушул себептен Брюсселде 11-12-октябрда өткөн чукул жыйында киевдик режимди сактап калуу үчүн чындап маанилүү болгон бир дагы чечим кабыл алынган жок. Түндүк атлантикалык альянска мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жөн гана ызы-чуу салып жатып тарап кетишти. Ал тургай АКШ менен НАТО мындан ары бир эмес, бир нече жогорку технологиялык душмандын бутасында экенин түшүнүп, муну өздөрүнүн доктриналык документтеринде да белгилешти.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Искандер-М комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Беларустун тактикалык өзөктүк куралы Батыштын тынчын алууда. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0