Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Аскердик абал: Россия жана КМШда эмне өзгөрүүдө?

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкерлери. Архив
Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Жазылуу
Россияга жаңы кошулган төрт аймакка киргизилген аскердик абал согуштук аракеттердин тактикасына, РФтин Куралдуу күчтөрүн мобилизациялоо жана уюштурууга, өлкөнүн экономикасына да, коомчулугуна да таасир этет.
Мындай чаралардын баары Украинадагы атайын аскердик операциянын стратегиялык милдеттерин ыкчам аткаруу үчүн багытталганын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар автор аскердик абалдын киргизилиши кандай өзгөртүүлөрдү алып келерине баам салып, атайын операциянын жүрүшүнө да токтолгон.
РФ президенти Владимир Путин 19-октябрда Донецк жана Луганск республикалары, Запорожье жана Херсон облустарына аскердик абал киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды. Федерация кеңеши ошол эле күнү бул документти бекитти.
Аталган төрт аймактын территориясында согуштук аракеттер көптөн бери жүрүп, аскердик абал түзүлүп калган. Донбасстын көчөлөрүндө блокпост жана документтерди текшерүү кадыресе көрүнүшкө айланган.
Херсон облусунда бийлик толугу менен аскердик, ошондуктан азыркы коменданттык саат (22.00дөн таңкы 5ке чейин) гана алмашышы ыктымал. Анткен менен жаңы макам тигил же бул деңгээлде бүтүндөй Россияга, ал тургай КМШ өлкөлөрүнө да тиешелүү. Украина менен чектеш жана аймактардын жаңы территорияларында да (Крым менен Севастополь, Краснодар крайы, Белгород, Брянск, Воронеж, Курск жана Ростов облустары) "ыкчам аракет этүүнүн орточо деңгээлине" өткөн.
РФтин Борбордук жана Түштүк федералдык округдарынын калган аймактары күчөтүлгөн даярдыкта (коомдук тартипти, маанилүү объектилерди күзөтүү, транспорт, энергетика байланыш жана коммуникациянын өзгөчө режими күчөтүлгөн) турушат. Аскердик абал, эң оболу, күч жана мамлекеттик структураларга тиешелүү. Тышкы өзгөрүүлөрдү Россиянын калкынын көпчүлүгү сезбей деле калышы ыктымал.
Аталган жарлык РФ өкмөтү жана жергиликтүү бийликке ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө майнаптуу чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Аймактар территориялык отряд түзүү, кооптуу райондордон калкты утурумдук көчүрүү, өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү калкты биргеликте аракет этүүгө тартуу үчүн мыйзамдуу негизге ээ болушту.
Аскердик абал губернаторлорго да күч түзүмдөрүнүн катышуусу менен координациялык штабдарды түзүү, экономика тармагында мобилизация жүргүзүү, жарандык коргонууну уюштуруу, аскердик бирикмелердин керектөөсүн камсыздоого укук берет.
Кремль жакын арада коопсуздук боюнча россиялык бул аймактардан түшкөн сунуштарды да карап чыгууга даяр. РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев мамлекеттик бийлик органдарынын миграция жаатындагы маанилүү маселелерди чечүүнүн зарылдыгы жөнүндө билдирди. КМШ өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттары топтолуп жашаган жерлерде тартипти толук күчөтүү керектиги белгиленди. Россияга келген чет өлкөлүктөргө да миграциялык көзөмөл катаалданып, алар тарабынан эреже бузуулардын жоопкерчилиги да күчөтүлөт.
Реактивдүү HIMARS куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ конгрессмени Украинага курал-жарак жеткирүүдөгү көйгөйдү ачыктады
Кылмыш жасоого мигранттарды колдонуп жатышкан эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн аныктоо укук коргоо органдарына жана атайын кызматтарга табышталды. Жаңы кошулган төрт аймактан келген качкындардын арасында да украиналык атайын кызматтар тыңчылык жана диверсия үчүн пайдаланган адамдар бар.
Ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандардын социалдык жана маданий багытта көнүп кетүүсүнө, алардын балдарын жалпы билим берүү программаларынын россиялык стандарттары боюнча окутууга кыйла көңүл бурулууда.
Ал ортодо бир нече суткадан бери Украина Куралдуу күчтөрү Днепрдин оң жээгиндеги россиялык аскер күчтөрүнө атайын багыттагы жана батальондук тактикалык топтору менен контрчабуул жасоо аракетинде. Шаршемби күнү таңда Запорожье атомдук электр станциясын басып алуу үчүн Ках суу сактагычынын сол жээгине чыгууга аракет кылып жаткан жеринен украиналык десант (ыкчам жүрүүчү 37 кайык жана катер) жок кылынды.
РФтин каршылашы Николаев-Криворожье багытында чоң жоготууларга учуроодо, анткен менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн НАТОлук жетекчилигинин буга кылы кыйшайып да койбойт.
Чабуул коюу – Вашингтондун АКШ Конгрессине 8-ноябрдагы шайлоо алдындагы катуу талабы, себеби 20 млрд. доллар эмнеге жумшалганын шайлоочуларга көрсөтүү керек. Киевдик режим Херсонго "шайлоо алдындагы чабуул" үчүн аскерлерди да, Батыштан алган аскердик техникасын да Николаев облусуна топтогон. Россия да бул жерге (Херсондун батыш жана Запорожье багытына) абдан күчтүү аскердик топту коюп, эшелондоштурулган коргонууну уюштурган.
Британиялык аскер кеңешчилеринин жетекчилигиндеги Украина Башкы штабы Днепрдеги Ках ГЭСинин плотинасын ракеталык сокку жана деңиз миналары менен жардыруунун планын иштеп чыгууда. Алар бул менен беш метрге жеткен "цунамини" жаратып, кыйла бир жерди суу каптаса деген ниетти көздөп жатышат. Суу сактагычтын көлөмү 13 млрд. куб метрди түзүп, плотина Херсондон 50 чакырым аралыкта жайгашкан. Мында кеп Россия Федерациясынын территориясы туурасында. Ошондуктан Херсон облусунун тургундарын коопсуз жерге көчүрүү, суу каптап кетпеши үчүн каналдарга суу коё берүү жагы каралды.
Атайын аскердик операциянын командачысы армиянын генералы Сергей Суровикин 18-октябрда: "Херсон шаарынын өзүнө байланыштуу мындан аркы план жана аракеттерибиз түзүлгөн аскердик-тактикалык кырдаалга жараша болмокчу", — деп билдирди. Ондон ашуун суткадан бери Украина Куралдуу күчтөрүнүн бүт өлкө боюнча энергетика, башкаруу, логистика жана байланыш объектилерине сокку урулуп жатат.
Россиялык атайын аскердик операция зонасында коргонуудан чабуулга өтүү күтүлүп, Украинанын дагы үч, атап айтканда, Николаев, Одесса жана Днепропетровск аймактары бошотулганы турат. Бул тууралуу Херсон облусунун администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов маалымдады. Аймактарды украиналык нацизм жана АКШнын "НАТОну чыгышка карай кеңейтүү" аракетинен куткаруу далалаты уланууда.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россия газын ЕБге ташыган куур. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
ЖМК: европалыктар АКШ стратегиясынын курмандыгы болгонун түшүнө башташты
Жаңылыктар түрмөгү
0