Кыргыз-Азербайжан алакасын чыңдоо үчүн кол коюлган документтер. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана Азербайжан президенти Илхам Алиев
Президент Садыр Жапаров жана Азербайжан президенти Илхам Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Жазылуу
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлө турган болду.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган эки тараптуу сегиз документке кол коюлду.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы президенттер Садыр Жапаров менен Илхам Алиев Кыргызстан-Азербайжан мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине кол коюшканын да маалымдады.
Андан сырткары төмөнкү документтерге кол коюлган:
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын менен Азербайжандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;
Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонд менен Азербайжандын Эмгек, калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Азербайжандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Бишкек шаары (Кыргызстан) менен Баку шаарынын (Азербайжан) ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Садыр Жапаров азербайжандык инвесторлорду чакырып, ыңгайлуу шарттарды убадалады
Жаңылыктар түрмөгү
0